Москвада Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы кайчылаш жылга байланыштуу иш-чара өтүп жатат. Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын «ТАСС» басылмасына маек курду. Анда Жээнбеков орус тили, парламенттик шайлоо жана Орусия менен мамиле тууралуу айтып берген. Биз өлкө башчысынын маегиндеги урунттуу учурларды топтодук.

Кайчылаш жыл тууралуу

Кайчылаш жыл — бул биринчи жолу КМШда өткөрүлүп жаткан масштабдуу жана уникалдуу окуя. Ал маданий-гуманитардык, саясий, экономикалык жана башка тармактарындагы эки жүз иш-чарадан турат.

Орусия — Кыргызстандын башкы тышкы соода өнөктөшүнүн бири. Өткөн жылы мартта, Путиндин Кыргызстанга болгон сапары учурунда маанилүү келишимдерди түзүүгө жетишкенбиз — 6 млрд доллардан ашуун каражатты түзгөн документтерге кол коюу.

Биз соода экономикалык мамилелерди өөрчүтөбүз. Эки өлкөнүн ишкерлери үчүн соода экономикалык аянтчалар, алар биргелешкен долбоорлорду жарата алышкан конференция жана семинарлар түзүлөт. Биз ишкерлерибиз үчүн шарттарды жакшыртуу үчүн бардык аракеттерди жумшайбыз.

Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу

Тарыхты бурмалоого жана Советтер союзуна кирген өлкөлөрдүн Жеңишти камсыздоодогу ролун кемитүүгө жол бербеш керек. Биз элдер менен ата-баларыбыздын тайманбас кызматы, кайраттыгы жана эрдиги жөнүндө чындыкты муундан-муунга өткөрүп беришибиз керек.


Бул бир гана менин оюм эмес, бул биздин жалпы көп улуттуу элибиздин ою.


Кайчылаш жылында жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоо боюнча масштабдуу иш-чаралар өткөрүлөт. Буга эки өлкө тарабынан күчөтүлгөн көңүл бурулат. Фронтко аттанган кыргызстандыктардын үчтөн бир бөлүгүнөн көбү согуштан кайтпай калган.

Орусия менен мамиле тууралуу

Мен дайыма айтып келгем жана дагы бир жолу кайталайм: Кыргызстан — Орусиянын эң ишенимдү союздашы жана өнөктөшү.


Биз Орусия менен бирге алдыга жылып, элдин бакубатчылыгы үчүн мамилебизди бекемдегибиз келет.

Орусия менен өз ара аракеттешүүдө экономика, маданият жана башка тармактарда эч кандай маселелер жок. Кызматташтыгыбыз дагы кеңейип жатат. Бул Кыргызстандын облустары менен Орусиянын субъекттеринин ортосундагы аймактар аралык байланыштын бекемделишине алып келди. Биздин ЕАЭБге мүчө болгонубуз дагы мамилебиздин кеңейишине жардам берет жана бул биз үчүн приоритетте.

Айыл чарба багытында өз ара пайдалуу өнөктөштүктү күчөтүп, өз ара пайдалуу соодагерлик, анын ичинде кыргыз продукцияларын Орусияга чыгаруу үчүн шарт түзүшүбүз керек.

Бизде транспорт, коммуникация, энергетика, мунайзат жана газ тармагы, өнөр жай боюнча биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө ниетибиз бар. Жаңы чакырыктарга жана коркутууларга биргелешип каршы аракет кылуу жана аймактык коопсуздукту камсыздоо тармагында тыгызыраак кызматташууну пландап жатабыз.

Орус тили жана латын арибине өтүү тууралуу

Кыргызстандын конституциясында орус тили расмий тил катары бекитилген, анын макамы өзгөрбөйт. Бизде орус тили жашоонун бардык тармагында кеңири колдонулат.

Кайчылаш жылда орус тилин колдоого багытталган иш-чаралардын топтому өтөт. Мисалы, Кыргызстанда эл аралык агартуучу экспедициялар жана окутуучулар менен мугалимдер үчүн орус маданияты менен тилин окуу үчүн технологияларды колдонуу менен тажрыйбалар өтөт.

Кыргыз мугалимдери орус адабиятын окуу конкурсуна катышып, мындан тышкары, Ошто ММУнун филиалы ачылат. Орус тилин жакшы билгендиктен биздин жарандар Орусияда өздөрүн ыңгайлуураак сезишет.

Бирок маселелердин бири — бул аймактарда орус тилин үйрөтүүнүн деңгээли. Орусиянын колдоосу менен абалды жакшыртууну көздөп жатабыз.


Латын арибине өтүү маселеси Кыргызстан эгемен алган убакта эле көтөрүлгөн. Бирок ал убакта өтпөй туура тандоо кылган экенбиз.


Учурда латын арибине өтүү муктаждыгы жок. Республиканын маданий жана илимий дымагы кирилл тыбышынын артында белгилүү ийгиликтерге жетти.

ЕАЭБ тууралуу

ЕАЭБге кирүү биз үчүн туура жана өз убагында кабыл алынган чечим болгон.

Шек санабастан айта алам, Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болгондон кийин андан жаралган оң натыйжа бар болгон терс көрүнүштөрдү жабат. Биримдикте болгон төрт жыл ичинде ИДПнын орточо жылдык өсүүсү 4,1% болду, тагыраагы, 2010-2014-жылдары болгон деңгээлден төмөн эмес. Бирок бул маалда 2,1% жогору болбойт деп божомолдонгон эле.

Дагы бир артыкчылыгы — ири жана ийгиликтүү жеке ишкерлердин көпчүлүгү ЕАЭБдин шарттарына адаптация боюнча маселелерди чече алышты.


Сегиз жыл бою орто айлык маянасынын туруктуу өсүү динамикасы байкалган.


Орточо айлык 2018-жылы 2010-жылга караганда 2,3 эсеге өсүп, 16 миң сомдон ашык сумманы түздү. Союзда мүчө болуп турган маалда 2018-жылга чейин бул көрсөткүч 33 пайызга өстү.

(ЕАЭБге кошулуу маянанын жогорулашына кандай таасир эткени — белгисиз. Бул маалымат текшерүүгө муктаж).

Кыргызстан ЕАЭБдин эмгек базарынын түзүлүшүнөн пайда алды — бул биздин айдоочулук күбөлүктөрдү жана дипломдорду башка өлкөлөр тааныгандыгы, социалдык кепилдиктер, пенсиялык камсыздоолор.

Мындан тышкары, кыргызстандык жумушчулар ЕАЭБ өлкөлөрүндө меджардам алууга укугу бар.

Кез-кезде товарлардын эркин жүгүртүлүүсү боюнча маселелер жаралууда, анын айынан биздин жеткирип берүүчүлөр туруп калуудан жана кардарлардын алдындагы милдеттенмелери аткарылбай калгандыктан зыян тартышууда. Бирок ЕАЭБде мындай маселелер биргеликте гана чечилиши керек, биздин биримдиктин элинин кызыкчылыгы үчүн.

Экстремизм жана Ооганстан тууралуу

Оогандык саясатчы Ашраф Гани жана Жээнбеков

2013-жылдан тарта Кабулда кыргыз-ооган кызматташтыгын гана өнүктүрбөстөн, Ооганстандагы абалга мониторинг жүргүзүп жаткан элчилигибиз иштеп жатат.

Кыргызстанда уланып аткан ооган чыры биздин аймактык коопсуздугубузга таасир этип атканын түшүнүшөт. Бирок биз Ооганстанды биздин коопсуздукка коркунуч гана туудуруп жаткан мамлекет катары кабыл албайбыз.

Биз Ооганстанды өнөктөш катары карайбыз жана алар менен кызматташуу аймактык интеграцияга, Борбор Азия жана бүткүл аймак үчүн жаңы соода транзиттик транспорттук мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышына өбөлгө түзүп жатат.

Биз ооган бийлиги менен элинин тынчтык жана туруктуулукка жетишүү үчүн жасап аткан аракетин жогору баалайбыз жана мүмкүнчүлүктөрүбүзгө жараша буга көмөк көрсөтүп жатабыз.


Ооганстандагы кырдаалга анын аймагында памир кыргыздары жашап аткандыгы үчүн да кайдыгер эмеспиз.


Биз жыл сайын аларга гуманитардык жардам берип, аларды Кыргызстанга көчүрүп келүү маселесин карап жатабыз.

Экстремиз жана терроризмге каршы тууру жана күрөшүүдө жигердүү иштеп жатабыз. Биз керек болуп калса союздаштарыбыздан толук колдоо ала алаарыбызга ишенебиз. Анын ичинде Кант шаарындагы Орусиянын аскер авиа базасынан.

Негизи, азыр Орусия менен болгон аскерий техникалык кызматташтык темасына өзгөчө көңүл бургум келет.


ЕАЭБдин алкагында Орусиянын жардамы менен чек арада 11 объект курулду, анын ичинде чек ара заставалары, посттор жана башкалар бар.


Чек арабызды күчтөндүрүү боюнча чараларды көрүп, өткөрмө пункттарын реконструкциялоо үчүн каражаттарды бөлүп жатабыз.

Чек арадагы жаңжалдар тууралуу

СССР убагында бизде чек ара жок болчу, баарыбыз бир мамлекеттин курамында элек, ошол убакта мындай көйгөйлүү кырдаалдар болгон эмес. Ошол маалда республикалардын жарандары жерлери жана суулары жакшы жерлерде бири-бирине өбөк жашашчу.


Бүгүнкү күндө мамлекеттик чек аранын кээ бир сызыктары эки өлкөнүн жарандары жашаган жерлерден бир нече метр алыстыкта өтөт, ушунун айынан жаңжалдар орун алууда.


Чек аранын делимитациясы боюнча, Өзбекстан менен Тажикстандын президенттеринде бул маселени чечүүнү илгерилетүү муктаждыгы боюнча так түшүнүктөрү бар. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын көпчүлүк бөлүгү келишим менен бекитилди.


Сүйлөшүүлөрдө биз «жөнөкөйдөн татаалга» деген принципти карманабыз.


Парламенттик шайлоо тууралуу

Жогорку Кеңешке боло турган шайлоого байланыштуу бул жыл биз үчүн абдан активдүү болот. Буга чейинки шайлоолор көрсөткөндөй, кээ бирөөлөр кандайдыр бир жолдор менен өздөрүн көрсөтүүгө, жеңүү же каршылаштарына маселе жаратуу үчүн электораттын көңүлүн бурдурууга аракет кылышат.

Өлкөдөгү туруктуулукту солкулдатуу аракеттерин болтурбоо үчүн мамлекет коомдук институттар, ЖМК, диний ишмерлер жана жарандар менен тыгыз иштешип жатат.

Болуп өткөн трагедиялардан тийиштүү сабактарды алыш керек. Элдин биримдиги жана улут аралык ынтымак — бул адамдардын өмүрү, алардын ден соолугу жана жаштардын келечеги. Саясат жөнүндө бул маанилүү баалуулуктардан кийин гана ойлонуу керек.


Кандайдыр бир божомол кылуу абдан кыйын. Акыркы тандоону эл кылат, ал эми парламенттин сапаты үчүн партиялар өздөрү жооптуу.


Мен болсо бардык партияларга толук бойдон бирдей мамиле кылам. Мен парламентке өтө турган бардык саясий күчтөр менен иштешүүгө даярмын.