Блогер Sydyman үй камагына чыгарылды

Sydyman деген ат менен таанымал инстаграм блогер жана вайнер Элмир Сыдыманов үй камагына чыкты. Буга чейин ал аймак аралык касыкты козутууга шектелип изоляторго киргизилген.

Сыдыманов «АКИпресске» курган маегинде абалы канааттандыраарлык экенин айтып, «эфиринде терс сөздөрдү айтканы» үчүн дагы бир жолу кечирим сураган.

«Досторума рахмат, анткени алар мени туура түшүнгүдөй туура бүтүм кылышкан. Мен ал жакта хейтерлерге кайрылгам анан алар муну аныкташыптыр. Мен эч качан Ошту таарынтып, элди түндүк-түштүккө бөлгүм келген эмес», — деди блогер.

Что произошло?

Sydymanдын инстаграмын 250 миңден ашуун адам окуйт. Ал өзүнүн барагында тамашалуу контент жасап, түз эфирлерди өткөрөт — анда ал көрүүчүлөр менен маектешип, алардын комментарийлерине жооп берет.

Буга чейин ал инстаграмында түз эфир өткөрүп, анда Кыргызстандын ар кайсы аймактарында колдонулган кээ бир уят сөздөр боюнча терс ойлорун билдирген. Анын айтымында, «толук эмес жана уят сөздөрдүн 70-80%» ага «түштүктөн» жазышат.

«Чын, мен бетиңерге элей айтайын, Ош, Жалал-Абад, Баткен өнүгө элек. Балким сен Баткенден, Ош же бир жактан болоттурсуңар, бирок мага чын жүрөктөн жакпайсыңар. Анткени өнүкпөйсүңөр силер», — деген Сыдыманов.

Түз эфирдин бул бөлүгү коомчулукта резонанс жаратып, көп өтпөй блогерге коркутуулар келип баштаган, ошол себептен ал 3-февралда айткандары үчүн кечирим сурап, ютуб каналында видео жарыялаган.

Сыдыманов 17-февралда кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Андан кийин Октябрь райсоту блогерди «Расалык, этникалык, улуттук диний же аймак аралык кастыкты козутууга» шектеп, эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Блогер кармалгандан кийин анын апасы президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, мамлекет башчысын иштин иликтөөсүн жеке көзөмөлгө алуусун суранган.

«Институт Медиа Полисинин» көз карандысыз эксперттери блогердин сөздөрүндө аймак аралык кастыкты козутуунун белгилерин таппаганын билдиришкен.

«Анын айткандарын уксаңыз, ал постторунун алдында ким “туурараак” сөгүнөөрү тууралуу сөз кылган. Бул келесоолук. Ал адамдарды ким алысыраак түкүрөөрүн салыштырып, муну кылганды билбегендерди жолу жок кишилер деп эсептегендей эле да. Же бул сарказм, шылдың — буларга да тыюу салынган эмес», — деп билдирген медиа өкүл Акмат Алагушев.