Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театры Орто Азияда эң байыркы театрлардын бири.
Театр 1918-жылы Рахмонберди Мадазимовдун жетектөөсү астында театр ийрим катары ачылган. Ал эми 1937-жылы театрга саясатчы Сергей Кировдун аты коюлуп, толугу «театр» наамын алган.
Ошол кезде театрдын жамааты бир гана Кыргызстандын түштүгүндө эмес, Өзбекстан, Москвага чейин гастролдошкон. Алар өлкөдө элди руханий жактан азыктандырган алгачкы маданий ишмерлер болушкан.
Алгач театрда диний ишмерлердин каршылыгынан улам кыздар иштеген эмес. Алардын ролун актёр Журахон Зайнобиддинов аткарып турган. 1920-жылдардан кийин сахнага кыздар чыга башташкан. Алар эр жүрөк, кылымдар бою калыптанып калган эски түшүнүктөр менен ишенимдүү күрөшүшкөн. Бирок алардын айрымдарын бул иштин аркасынан каза табышкан.
Ал эми Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин 1992-жылы театрга өзбек акыны Захир-ад-дин Мухаммад Бабурдун аты коюлган. Театр 480 көрүүчүгө ылайыкталган.
Театрда кыргыз, орус, өзбек жана дүйнө чыгармалары жаңырат. Алар кыргыз жана өзбек тилинде коюлат. Театралдык топ ар кандай фестивалдарга катышып келет. Акыркы жолу Арт-Ордо фестивалында Бабур драма театрынын артисттери экинчи орунга ээ болушкан.
Театрдын 100 жылдыгы үстүбүздөгү жылдын октябрында белгинелет. А чынында быйыл театр 102 жашта. Эки жыл мурун театр оңдоого муктаж болгондуктан маараке жылдырылган. Бирок театрдын имараты азыркы күнгө чейин капиталдык оңдоодон өткөн эмес.
Театрдын көркөм жетекчиси Раушанбек Турсуновдун айтымында, президент Сооронбай Жээнбеков быйыл театр оңдолоорун убадалаган. Учурда бир кылымга тете тарыхы бар маданий мекемеге качан тийиштүү көңүл бурулаары белгисиз.
Театрга жылуулук тартылганы менен жетишээрлик жылыта албайт. Бирок көркөм жетекчинин айтымында, негизги көйгөйлөрдүн бири жаш артисттердин театрга кызыгуусунун жоктугу болууда деп эсептейт.
«Бул театрдын маянасы жаштарды канааттандырбайт, үй-бүлөсүн багышы керек, дагы башка маселелер бар. Кыргызстанда театрларды сактап калып, жаштарды көбөйтүү үчүн, маяналарды жогорулатуу керек, жакшы шарттарды түзүп берүү керек. Эми негизинен жашы улуу актёрлор менен иштеп атабыз», — дейт Турсунов.
Учурда театрда 150дөй адам иштейт, алардын ичинен 60ка жакыны артистер жана актёрлор. Дагы бир көйгөй — артисттердин айлыгы жашоосуна жетпейт. Эмгек сиңирген артисттерге 7000-8000 сом айлык төлөнөт, катардагы артисттер 4500 сом алышат.
Хоётхан Мадрахимова театрда төрөлө электе эле сахнага чыгып баштаган. Анын ата-энеси Бабур театрында көп жыл актёр болуп иштеп, эл артисти наамына ээ болушкан. Мадрахимова өзү эмгек сиңирген артистке татыган. Биринчи болуп ымыркайдын ролун Мадрахимова 8 айлыгында аткаркан. Ал эми жети жашынан баштап жаш балдардын ар кандай ролдорун ойноп келген.
«Мен 7800 сом алам, бул жашоого жетпейт. Эми күйөөм бар, жардам берет. Башка жерден акча таппаймын. Мурунку замандарда тойлордо акча тапсак болот эле, бирок азыр өзбек тойлорубуз Исламдын эрежелери менен болуп кетти: ошол үчүн артисттерди чакырбайт деле. [...] Акчасына карабастан иштейбиз», — дейт Мадрахимова.
Анын кесиптеши Дилшот Курчуев 26 жашында театрга келип, 28 жылдан бери ушул жерде эмгектенип келет. Ал болсо Хоётхандан эки эсе аз маяна алат. Бирок ал айлыктын аздыгынан ишти таштап кете албаймын дейт. Анткени атасынын жолун улаганын, сахна канына сиңип калганын айтат.
Бирок Курчуевди декорация менен кийимдердин жетишсиздиги капалантат. «Биз артист болгондон кийин бир гана концерт менен спектакль коёбуз. Театр оңдолгон болсо биз спектаклдарды жакшы коёт элек, анткени бизди миң көз карап турат», — дейт Курчуев.
1960-1970-жылдарга чейин театрдын кассасында кезек күткөн адамдарды көрүүгө болот болчу. Азыр театрга баш баккандардын саны да акыркы жылдары төмөндөп кеткен. Буга театрда коюлуучу чыгармалар тууралуу канааттандыраарлык даражада маалымат берилбей жатканы себеп болууда деп эсептейт Турсунов.
«Театрга элдин кызыкчылыгы мурдагыдай жок. Мунун бирден бир себеби мурдагыдай агитациялар жок: гезиттер, ЖМКлар жазбайт. Бирок башка өлкөлөрдөн келишсе эл шагырап келет [...] Театрга көбүрөөк эл келсе жакшы болмок. Анткени театр үлгү! Театрга кирип, эч болбогондо театрдан “ушундай кылыш керекпи же кылыш керек эмеспи” деген бир суроого бир эле адам [жооп] тапса да чоң нерсе», — деп эсептейт Турсунов.
Театрдын негиздөөчүлөрү: Рахмонберди Мадазимов, Балтыходжа Султанов, Бекназар Назаров, Иброхим Мусабоев (Иброхим Мадазимов), Журахон Зайнобиддинов, Назирхон Камолов, Абдурашид Эшонхонов, Уринбой Рахмонов, Журахон Рахмонов.
Театрдын тарыхында мыкты артисттер катары Тожихон Хасанова, Розияхон Муминова, Турсунхон Салиева, Ойтожихон Шабданова жана Абдурасулжан Ураимжанов калган.
Текст: Тимучин Аканов
Сүрөттөрдүн автору: Хамидулло Узаков