Эң маанилүүлөрү:

Милиция эркинен ажыратылган экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтарын Ала-Тоо аянтынан жана Ак үйдүн айланасынан кууп таратты. Алар саясатчыны бошотуу талабы менен митингге чыгышкан.

Ар кандай маалыматтар боюнча, митингге бир жарым миңден үч миңге чейин адам катышкан.

Алгач митинг тынч өтүп жаткан, бирок дээрлик алты саатка созулган митингден кийин саясатчынын тарапташтары Ак үйдү көздөй жөнөшкөн. Парламенттин имаратынын алдында аларды милиция тосуп алып, митингчилер ал жактан сүрүп чыгарылган.

Митингди кууп таратуунун башталышы. Сүрөт: Александра Титова / «Клооп»

Митингчилерди Ала-Тоо аянтынан таратышкандан кийин акциянын катышуучулары шаардын ар тарабына качып жөнөшкөн. Милиционерлер борбордук аянттан эки-үч квартал аралыкта жүргөндөрдү кармашкан. Алар элди таратуу үчүн түтүн чыгаруучу шашкаларды, суу аткычтарды жана көздөн жаш чыгаруучу газдарды колдонушкан.

Канча адам кармалганы азырынча белгисиз — бул тууралуу Бишкек ШИИБи да маалымат бере алган жок. Митингге күбө болгон адам Бишкектин Биринчи май РИИБин көздөй бараткан эки автобус тартылган видеону жарыялаган, бирок бул мүмкүн болгон кармоолордун масштабын чагылдырбайт.

Кененирээк:

Митинг эмнеден улам уюштурулган?

Митингге чыккандар үч жыл мурун 2013-жылдагы окуялар үчүн эркинен ажыратылган Жапаровдун бошотулушун талап кылышкан. Экс-депутат Караколдогу митинг учурундагы башаламандыктар жана Ысык-Көл облусунуну губернаторун барымтага алууга айыпталган.

Жапаровдун тарапташтары анын кармалышы саясий мүнөзгө ээ экендигин айтып, ал эми ага карата чыгарылган өкүм — адилетсиз деп эсептешет.

Митингчилердин арасында саясатчылар да болгон — мурдагы депутаттар Каныбек Осмоналиев жана Жылдызкан Жолдошева.

Митингге үч миңге чейин адам катышкан. Сүрөт: Александра Титова / «Клооп»

Эмне үчүн митингчилерди кууп таркатышты?

Митингдеги абал бийлик Жапаровдун тарапташтары менен бетме-бет сүйлөшүүгө барбаганы үчүн чыңалып кетти. Алар саясатчы тезинен бошотууну талап кылышты.

Соттолгон саясатчынын митингге катышкан туугандары митингчилерди бийликтин жообун күтө турууну суранышты. Бийликтегилер эки-үч күндө жооп берүүнү убадалашкан.

А бирок митингдин уюштуруучулары бийлик менен орток келишимге келүүнү каалашкан жок. Алар катышуучуларды Ала-Тоо аянтынан Ак үй тарапты көздөй барууга чакырышты — президенттин жана парламентарийлердин иш ордуна.

Спецназ митинг таркатылгандан кийин Бишкектин борборун күзөттөөдө. Сүрөт: Александра Титова / «Клооп»

ИИМдин өкүлдөрү түшүндүрүшкөндөй, митингчилер дароо бир нече эрежени бузгандыктан алар митингди кууп таратышкан. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев «К-Ньюс» басылмасынын журналистине билдирген.

Анын айтымында, акциянын катышуучулары Ак үйдү көздөй баса башташканда алар жолдун унаа жүргөн тарабына чыгып, жол кыймылын бөгөттөп алышкан. Мындан тышкары, алар милиционерлерди көздөй таштарды жана башка буюмдарды ыргыта башташкан.

ИИМдин өкүлүнүн айтымында, митинчилердин арасында да «башаламандыкка үгүттөгөн чагымчыл чакырыктар» болгон.

Жапаров өзү буга чейин тарапташтарын митингге чыкпоого жана чагымдардан карманууга чакырган.

Бул окуя милиция Бишкекте митингди кууп тараткан жарым жыл ичиндеги биринчи учур болду — ушундай окуя 2019-жылдын август айында болуп өткөн. Анда милиция Бишкектин борборунда жаңы эле кармалган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарын кууп тараткан.

Материалдын үстүндө иштегендер:

Кабарчылар: Рустам Халимов, Алмир Алмамбетов

Оператор: Эржан Бейшеналы уулу

Трансляциянын режиссёру: Бекжан Асылбеков

Сүрөттөр: Александра Титова, Бакыт Мусаев

Текст: Камила Баймуратова, Элвира Султанмурат кызы, Кайрат Замирбеков, Элдияр Бакиров, Айбике Адилет кызы

Редакторлор: Айдай Иргебаева, Бектур Искендер

Видеотрансляция:

Тексттик трансляция: