Бишкек мэриясы коронавирус коркунучунан улам митингдерге тыюу салгысы келет

2-мартта өткөн нааразычылык акциясын милиция түтүн чыгаруучу шашкалар жана суу аткычтардын жардамы менен кууп таркатууга аргасыз болгон. Бул окуялардан кийин Бишкек мэриясы борбор калаадагы митингдерге тыюу салууну көздөп атканын билдирди.

Шаар бийлиги болуп өткөн нааразылык акциясынан шаарга келтирилген зыянды гана себеп кылбастан, коронавирус жуктуруу коркунучуна да таянууда (ошол эле маалда Кыргызстанда коронавирус жуктуруу учурлары расмий жок).

«Ала-Тоо аянтында өткөн окуядан кийин жана коронавирус эпидемиясын алдын алуу үчүн Бишкек шаарынын мэриясы, борбор калаада митинг өткөрүүгө тыюу салууга сотко кайрылат», — деп билдирди мэриянын аппаратынын башчысы Балбак Түлөбаев.

Мурдараак Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктуруп албоо үчүн кыргызстандыктарга адамдар көп чогулган жерлерге жана жума намазга барбоону сунуштаган. Бирок дин башкармалыгы бул сунушка каршы чыккан.

Мэрия жарандардын тынчтык чогулуштарды өткөрүү эркиндигин чектөөнү сунуштаганы менен коронавирус коркунучу Ала-Тоо аянтында мамлекеттик туу күнүн өткөрүүгө тоскоол болгон жок. Туу күнүнүн майрамы 3-мартта өттү — ага чейин, бир күн мурда Садыр Жапаровдун тарапташтарынын митинги болуп өткөн.

Мамлекеттик туунун 28 жылдыгына карата иш-чарага Бишкек мэри Азиз Суракматов, шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров, ошондой эле шаардык кызматтардын жетекчилери менен кызматкерлери катышышты.

Эмне үчүн митингдерге тыюу салып жана чектөө мыйзамсыз?

Мэрия тынчтык акцияларынын эркиндигин чектөөнү аялдардын укугу үчүн жыл сайын өтүүчү жөө жүрүштүн алдында сунуштады. Жүрүш төрт жолу өткөрүлгөн жана өткөн жылы да ага тыюу салууга аракет кылышкан, бирок түшүнбөстүктөргө таянып кайра уруксат беришкен.

Бул жылы да шаар бийлиги коррупцияга жана кара түтүнгө каршы нааразычылык акцияларына тыюу салууга аракет кылышкан, бирок митингдердин катышуучулары өз конституциялык укуктарына таянышкан.

Жергиликтүү администрациялардын бардык чечимдеринен өйдө турган Конституцияга ылайык, тынч чогулуштарды чектөө жана аларга тыюу салууга жол берилбейт.

«Тынч чогулуштар жөнүндө» мыйзамына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана маморгандар жарандардын тынч чогулуштарга болгон укуктарын сыйлоого милдеттүү. Жөө жүрүш жана митингдердин уюштуруучулары пландалып жаткан иш-чара тууралуу бийликти алдын ала кабардар кылып коё алышат.

Жөө жүрүшкө же нааразычылык акциясына тыюу салууну мүмкүн кылган себептер да бар. Мисалы, кандайдыр бир этноско карата жек көрүүнү козутуу, басмырлоого шыкакчылык, согушту үгүттөө же башка тынч чогулушту үзгүлтүккө учуратуу максатында контр чогулуш өткөрүү.

Демек, эгер адамдардан турган кайсы бир топ бир убакта контр акция өткөрүүнү чечип, антикоррупциялык чогулуштун катышуучуларына коркунуч жаратышса, контр чогулушка тыюу салынышы мүмкүн.