Бишкекте «Тулпар» системасы ишке киргени менен жүргүнчүлөр жол акысын нак акча менен төлөшүүдө

Бишкекте 1-марттан тарта шаардык автобустарда жана троллейсбустарда электрондук билеттөө системасы иштеп башташы керек эле. Негизи, эми жүргүнчүлөр жол кире акыларын бирдиктүү «Тулпар» картасы аркылуу гана төлөй алышат, бирок бул жакшы иштебей жаткан өңдүү.

«Тулпар» системасынын басма сөз катчысы Бекжан Акматбеков айтып бергендей, шаар бийлиги айдоочуларга ушул жылдын 1-мартынан тарта жүргүнчүлөрдөн накталай акча алууга тыюу салган.

«Эгер айдоочулар жол кире акысына накталай акча алып, алар тараптан эреже бузуу фактылары аныкталса, тургундар бизге же мекеменин жетекчилигине кайрылса болот. Кайда [болгонун], транспорттун түрүн жана номерин так көрсөтүшү керек», — деп айтып берди ал.

Анын айтымында, аткаминерлер долбоор ишке кирген алгачкы күндөрү адамдар жол кирени тыйындар жана купюра менен төлөй беришээрин «күтүшкөн». Бирок, алар азырынча накталай акчаны алган айдоочуларды кантип жазалаш керектигин билишпейт.

«Эгер менде айдоочулар [жумушка] кезек күтүп турушкан болсо, мен катуу чараларды көрмөкмүн — жумуштан алууга чейин. Бирок менде [айдоочулар] курамы кескин жетишпей жатат. Мындай тырмактай маяна үчүн иштегени эч ким баргысы келбей жатат», — дейт автобус автопаркынын жетекчиси Нурлан Койчубаков.

Ал автобустардагы жана троллейбустардагы төлөө ыкмасы кийинки ай ичинде толугу менен нак эмес акча аркылуу жүргүзүлүп калат деп үмүттөнөт.

Алгач, Бишкектин бийлиги электрондук билеттөө системасын 2020-жылдын январынан тарта ишке киргизүүнү пландаган эле. Бирок натыйжада ал эми гана иштеп баштады.

Бишкектеги автобустарда жана троллейбустарда жол жүргүсү келген жүргүнчүлөр бирдиктүү «Тулпар» картасын сатып алышы керек. Ал үч өңдө берилет: стандарттык көк карта, мектеп окуучулары үчүн жашыл карта жана пенсионерлер, ден соолугунан улам мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеңилдетилген кызыл карта.

Система иштеп баштаган биринчи күндө 4706 жүргүнчү жол кире акысын бул карта аркылуу төлөшкөн. Бирок, ошол эле учурда көпчүлүгү накталай акча менен төлөөнү улантып жатышат.

Учурда «Тулпар» картасын жолдо баратканда эле автобустардын жана троллейбустардын айдоочуларынан сатып алса болот. Картага байланыштуу бардык суроолорго атайын униформадагы консультанттар жооп бериши керек.

Транспорттук картаны телефондун балансы аркылуу толуктаса болот. Ошондой эле, жол кире акысын жакындатылган төлөө функциясы бар банк картасы же QR-код аркылуу төлөсө болот.

Материалдын үстүндө иштеген: Карина Алиева