Гонгконгдо тургундар акысыз бет капты алууга кезекте турушат. Сүрөт: buro247 басылмасы

Кытайдын Хубэй провинциясынын Ухань шаарынан коронавирус аныкталгандан баштап бул өлкөдө окуп жаткан кыргызстандык студенттердин айрымдары Кыргызстанга кайтып келишүүдө. Бирок мекенине кайтпай окуусун Кытайда улантып жаткандар да жок эмес. Алардын кээ бирөөлөрү «Клоопко» маек куруп, эмнеге мындай чечим кабыл алышканы тууралуу, Кытайдагы абал жөнүндө айтып беришти.

«Мен үчүн Кытайда болгон коопсузураак»

Айдай Кытайдын Хайнань аралындагы Хайко шаарында магистратурада окуйт. Чет өлкөдө билимди ал өткөн жылдын ноябрынан тарта алып баштаган. Ал окуп жаткан университеттин жатакансында 450 студент жашачу. Бирок короновируска байланыштуу анда 100дөй адам калган. Алардын бири — кыргызстандык Айдай.


Негизинен студенттер сыртка азык-түлүк сатып алыш үчүн чыгып келишет.


Анын айтымында, учурда Кытайдын бардык провинцияларында карантин жүрүп жатат. Ал окуган окуу жайдын үч дарбазасынын экөө жабык турат. Кампустан студенттер башка кытайлыктар сыяктуу эле эки күндө бир жолу чыга алышат. Көчөгө чыгаардан мурда уруксат кагазын алышат.

Негизинен студенттер сыртка азык-түлүк сатып алыш үчүн чыгып келишет. Анткени кампустун ичиндеги дүкөндөр жабык. Бирок тамак-ашты буйрутма берип алдырса да болот дейт Айдай.

«Биздин окуу жай абдан чоң болгондуктан, кампус болуп атайын бөлүп койгон. Кампустарда мугалимдер, студенттер жашашат. Биздин Бишкектеги кичирайондордой. Негизинен мен эт жебейм, жер жемиштерди бышырганда демдеп туруп жейм. Күрүч, овсянка, кесме, жер жемиштер менен тамактанам», — дейт ал.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун алдын алуу үчүн айрыкча эт азыктарын сатып алууда анын сапатына дыкат көңүл бурууга чакырат. Ошондой эле этти таза кайнатып пайдалануу сунушталат.

«Мурун ачык карантин болчу, көчөгө чыгарда беткап берип койчу. Бирок кийин жабык карантинге өттүк, үйдөн чыкпайбыз. Себеби беткапты ар бир 2 саатта алмаштыруу керек, ал эми Кытайда беткаптар жетишсиз. Жөнөкөй беткаптар эмес, хирургиялык 3 кабаттуу беткаптарды тагынабыз. Бирок М95 деген беткапты тагынуу керек. Кытайлар абдан законго баш ийген өлкө, карантинде эч ким көчөгө чыкпайт», — дейт кыргызстандык студент.

Короновируска байланыштуу Кытайда февралдан тарта окуу онлайн форматка өтө баштаган. Себеби көпчүлүк студенттер өз мекенине кетип калышкан.

Айдай Хайнань аралы боюнча 160 адам коронавирус илдетин жуктуруп алганын укканын айтат. Бирок бул сан расмий тастыктала элек.

Ошентсе да ал дүрбөлөңгө алдырбаганын жашырган жок. Себеби анын ою боюнча, Кытай өнүккөн өлкөлөрдүн бири болуп саналгандыктан вируска каршы даарыны жасай алышат.


Короновируска байланыштуу Кытайда февралдан тарта окуу онлайн форматка өтө баштаган.


«Мисал келтирсек, Кыргызстанга барам деп коронавируска чалдыгып калдым. Кыргызстандын доктурлары жардам бере алабы? Кыргызстандыктарга жуктуруп алсамчы? Мунун мага эмне кереги бар? Вируска каршы даарыны кайсы өлкөдө биринчи ойлоп таба алышат? Албетте, кытайлар. Демек, Кытайда болгон мен үчүн коопсузураак», — деп түшүндүрдү Айдай.

«Сыртта кандай абал болуп жатканын билбейбиз»

Алтынай 2019-жылдын сентябрынан тарта Кытайдын Гирин провинциясындагы Чанчунь шаарында окуйт. Короновирус жайылып баштаганда анын жатаканасы карантинге алынган. Ошол убакта каникул маалы болгондуктан көпчүлүк студенттер Кытайдын башка шаарларына саякаттоо үчүн же өз мекенине кетишкен болчу. Окуу жай алардын кайтып келүүсү үчүн белгилүү убакыт берген, жетишпей калгандар үчүн университеттин дарбазасы жабылган.

«Бардык азык-түлүктү жатаканабызга алып келип беришет. Биз карантинде жатабыз. Жатаканага ашкана ачып беришкен, ошол жактан тамактана алабыз. Сыртта кандай абал болуп жатканын билбейбиз, коро албайбыз», — деп айтты ал.


Cтуденттердин көбү жатаканадан чыкпайт, сыртка чыгып келген сайын дене табыңды текшерип турушат.


Анын айтымында, студенттердин көбү жатаканадан чыкпайт, имаратта сыртка чыгып келген сайын дене табыңды текшерип турган кызматкерлер бар.

Жатаканада бет каптар акысыз берилет, ансыз көчөгө чыгууга тыюу салынган.

«Студенттик билетиңди көрсөтпөй көчөгө чыгып келсең, сени текшерип суракка алышат. Жатаканага кирип чыккан сайын дене табыңды текшерип, аты-жөнүңдү жазып белгилешет. Күнүнө канча жолу кирип чыксаң, ошончо жолу текшеришет», — дейт учурда Чанчунь шаарында калган Алтынай.

Алтынайдын жатаканасында 300дөй адам бар болчу. Бирок учурда 100гө чамалуу студент гана калган. Анын сегизи кыргызстандыктар. Анын университетинде каникулга деп 15 гана күн берилет — мекенге барып келүү үчүн бул өтө эле аз дейт ал.

Анткен менен коронавирустун айынан кабатырланган ата-эне кызын Кыргызстанга кайтуусун талап кылган. Бирок Алтынай убакыттын аздыгына жана Кыргызстанга барып келүү кыйла эле көп каражат талап кылгандыктан, жакындарын Кытайда калып эле окуусун уланта берүүгө көндүргөн.

«Телефон чалганда күлүп-жайнап, апа, “мен жакшы жүрөм” деп байланышып турсам, алардын жаны тынч алып калат», — дейт күналыс ата-энесине телефон чалып ал-жайынан кабардар кылып турган Алтынай.

Алтынай жергиликтүү басылмалар Чанчунда 37 адам коронавирус жуктурганын жазып чыгышканын айтат. Мугалимдер студенттерди дүрбөлөң болбошу үчүн «кабатыр болууга кажет жок, бардыгы жайында» деп жоошкотушкан.


Басылмалар Чанчунда 37 адам коронавирус жуктурганын жазып чыгышканын айтат


China Travel Service ишканасынын кызматкери кардарлардын дене табын текшерүүдө. Сүрөт: buro247 басылмасы

«Кызыңарды чакырткыла, вирус жуктуруп албасын»

Ал эми үч жылдан бери Шанхайда окуган *Айжандын Кытайдагы окуусу да 17-февралдан тарта онлайн форматка өткөн. Ага чейин Айжан эс алууга тараган башка студенттердей эле каникулун Хайнань аралынын Санья шаарында өткөрүп жаткан. Бирок Шанхайга кайтканда дароо карантинге жайгаштырылган.

Айжан окуу онлайн түрдө өтөөрүн укканда Кыргызстанга кетүүнү эңсеп, бирок окуусунан четтеп калбайын деп Кытайда калууну туура көргөн. Анын айтымында, бир күндө жатаканадан көчөгө эки жолу чыгууга болот. Айжан дагы жатаканада турат. Анын айтымында, тамактануучу жайлардын бардыгы жабылып тамак-аш жеткирип берүү кызматына өтүшкөн.

«Тамак-аш, азык-түлүктөрдү буйрутма берип алдыртабыз. Көпчүлүктөн угуп калдым, мисалы силерде тамак-аш жетишсиз болуп, ызы-чуу болуп жатыптырго деп сурашат. Андай эмес бул жерде бардык азык-түлүк жаңы, баары жетиштүү», — дейт ал күлүп.

*ысымы өзгөртүлдү


Кытайлардан дагы бөтөн элдер ызы-чуу салып, интернет булактарына жалган маалыматтарды таркатып жатышат.


Алардын жатаканасында кызматкерлерди жана студенттерди кошкондо 50дөй адам бар. Айжан Кытайда абал тынч эле, ызы-чуу деле жок дейт.

«Чынын айтканда кытайлардан дагы бөтөн элдер ызы-чуу салып, интернет булактарына жалган маалыматтарды таркатып жатышат. Башка шаарларды билбейм, бирок биздин шаарда баары тынч, күндөгүдөй эле жашоо уланып жатат», — деп билдирди студент.

Ал дагы көчөгө чыкканда бет кап тагып жүрүү эреже экенин кошумчалады. Мындан тышкары, адамдар жанында антисептикалык каражаттарды алып жүрүшөт.

Кытайлыктардын телефонуна коронавируска байланыштуу жаңылыктар жана канча адам жабыркаганы жөнүндө статистика келип турат экен.

«Коронавирус жөнүндө маалымат таркаганда, эң кызыгы, ата-энемден дагы алардын тааныштары ызы-чуу салышыптыр. “Кел дебейсиңерби кызыңарды, вирус жуктуруп албасын” деп айткандары да болуптур. Ал эми ата-энем түшүнүү менен кабыл алышты. Күнүгө убакыт болгондо алар менен телефон аркылуу сүйлөшүп турабыз. Бул жакта дагы 3 жыл окуйм», — деп сөзүн жыйынтыктады Айжан.


Ата-энеме “Кел дебейсиңерби кызыңарды, вирус жуктуруп албасын” деп айткандары да болуптур.