Бул жылы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 75 миң сомдон бөлүнөт

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку төлөмдөрдү бөлүп берүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Жеңиш күнүнүн 75 жылдыгына карата ардагерлер 75 000 сомдон алышат (1073 доллардан көбүрөөк). Акча 251 адамга бөлүнүп берилет — 2020-жылга карата Кыргызстанда ушунча ардагер бар. Акча каражаттары согушка катышкан ардагерлерге эле эмес, концлагерлерде туткун болгон адамдарга жана «Ленинградды коргогондугу үчүн» медалы менен сыйланган адамдар да алышат.

Согуш ардагерлерине 75 миң сомдон бөлүп берүүнү февралдын аягында депутат Дастан Бекешев сунуштаган.

«Мүмкүн бул жылы 75 миң сомдон бөлүп берүүгө болоттур? Биз дайыма акча жок дейбиз, бирок ошол эле телеканалдарга 20 млн сомдон бөлүнөт. Демек, акча бар да? Ардагерлер ансыз да аз эле калды, Жеңиштин 80 жылдыгына карата алардын канчасы калаарын ким билет, ошондуктан азыр көңүл буруш керек, антпесек кеч болуп калат», — деген Бекешев.

Бийлик Жеңиш күнүнө карата ардагерлерге бир жолу төлөнүүчү жардамды мурда дагы берип келген, бирок анын суммасы кыйлы азыраак болгон — өткөн жылы аларга 20 000 сомдон (286 доллар) төлөшсө, 2017-жылы бул сумма 15 000 сомду (214 долларды) түзгөн.

Ардагерлерге берилүүчү төлөмдөр

Ардагерлер алып жаткан дайыма төлөнүүчү жардам дагы бар. Адаттагы пенсиядан тышкары, 2010-жылдын 1-январынан тарта аларга жөлөк пулдардын ордуна ай сайын 7 000 сомдук компенсациялар жана өмүрү өткүчөктү 10 000 сомдук президенттик стипендия төлөнүшү керек.

Чынында жөлөкпул жана бир жолку берилүүчү жардамдар кээде ардагерлерге чейин жетпей калат. 2017-жылы Бишкектин Биринчи май райондук прокуратурасы почта кызматкерлери ардагерлер бийликтен бир жолку берилүүчү жардам катара алышы керек болгон дээрлик 1,5 млн сомду өздөрүнө ыйгарып алышканын аныктаган. Анда бийлик ар бир ардагерге бир жолку берилүүчү жөлөкпул деп 15 000 сомдон бөлгөн болчу.

Экинчи дүйнөлүк жана Ата мекендик согуш

Улуу Ата Мекендик согуш 1941-жылы 22-июнда немис армиясы Советтер Союзунун чек арасына кол салгандан кийин башталган. Төрт жылга созулган согуштун жүрүшүндө бери эле дегенде Советтер тарабынан 27 млн адам набыт болгон.

Согуш 8-май күнү кечинде (Борбордук европа убактысы боюнча) Германиянын капитуляциясы менен аяктаган, бирок формалдуу түрдө Советтер Союзу бул өлкө менен 1955-жылдан тарта согуш абалында турган.

Мааниси боюнча, Улуу Ата Мекендик согуш — бул 1939-жылы башталып, 1945-жылы 2-сентябрда аяктаган Экинчи дүйнөлүк согуштун бир бөлүгү. Улуу Ата Мекендик согушка Кыргыз ССРинин 365 миңге жакын тургуну катышкан, алардын ичинен дээрлик 100 миңи согуш талаасында набыт болгон. Согуш учурунда 150 миңден ашуун кыргызстандык орден жана медалдар менен сыйланган, алардын ичинде 72си Советтер Союзунун Баатыры.