Кыргызстанда «электрондук нотариат» системасы ишке кирди. Ал эмне?

Кыргызстанда 1-марттан тарта «электрондук нотариат» системасы ишке берилди. Бул деген мындан ары нотариустардын бардыгы, анын ичинде мамлекеттик жана жеке нотариустар документтердин аныктыгын аталган бирдиктүү маалыматтык системадан текшерүүгө милдеттүү дегенди билдирет.

«Электрондук нотариат» системасын Юстиция министрлиги Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын грантына иштеп чыккан.

Ал кандай иштейт?

Бишкектеги жеке нотариустун кызматкери «Клоопко» Юстиция министрлиги ар бир нотариуска «Электрондук нотариат» системасына кирүү үчүн жеке коддорду бергенин айтып берди. Ал жакта Кыргызстандын аймагында катталган уюмдардын жана ар бир жарандын маалыматтары сакталган.

Аткарылган нотариалдык аракеттер тууралуу маалыматтардын бардыгы уникалдуу QR кодго шифр менен жазылат. Аны кардар жеке кабинет жана сыр сөз аркылуу өзү гана пайдалана алат.

Системадагы бул маалыматтар нотариус баарын кагаз түрүндө сактаганга караганда кыйла тез жаңыртылып турат. Мисалы, эгер жарандар мурда үйлөнгөндөн кийин паспортту алмаштырбай жүрө жана жубайынын макулдугу жок келишим түзө алышкан болсо, эми мындай кылуу мүмкүн болбой калат.

Ошондой эле серверде убакыт жана күнү боюнча кирүүлөр катталып тургандыктан, бул документтерди «өткөн күн» менен жасалмалоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат.

«Электрондук нотариат» кызматын колдонуу үчүн эмне кылышым керек?

Эми, нотариустун кызматын алуу үчүн адам жеке маалыматтарын иштетүүгө макулдук берээри туураалуу документке кол коюп берише керек. Болбосо, нотариус кызмат көрсөтүүдөн баш тартып коёт.

Мисалы, эгер кардар макулдашууга кол коюу шартынан арылуу максатында башка нотариуска барууга аракет кылса, анда ал барган нотариусунан кайра эле ушундай жагдайга туш болот.

Нотариустун кызматкеринин айтымында, айрым жарандар жеке маалыматтарына жеткилик берүүдөн чочулап нотариалдык кызматтарды алуудан баш тарткан учурлар кездешкен.

«Электрондук нотариат» боюнча кызматтар канча турат?

Жарандар үчүн нотариус кызматтарынын баасы мурдагыдай эле калат.

Нотариустар үчүн да системаны колдонуу/кирүү мүмкүнчүлүгү бекер болот.

Бул мындан ары нотариатка кагаз жана маалымкаттарды алып барбай эле койсо болот дегенди билдиреби же жокпу?

Тилекке каршы, андай эмес.

Өкмөт кардар үчүн айрым маморгандардан маалымкат алуу муктаждыгы жоюлат деп айтканы менен жарандар баары бир эле жанына кээ бир документтерди алып келүүгө аргасыз болушат.

Жеке нотариустун кызматкери «Клоопко» курган маегинде учурда системадан жарандын паспортун, анда кыймылдуу же кыймылсыз мүлктүн бар-жоктугу туураалуу маалыматты көрсө болоорун айтты.

Азырынча, нотариустарда туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр жана адамдын жашаган жери тууралуу маалыматтарга жеткиликтүүлүк жок.

Демек, азыр «электрондук нотариат» деген бул жарандын өздүгүн жана ал тууралуу маалыматты аныктоодо кошумча коопсуздук чарасы гана болууда.

Материалдын үстүндө иштегендер: Бакыт Мусаев жана Азиз Салымбаев