Бийлик «коронавируска байланыштуу» аялдардын укугу үчүн жөө жүрүшкө тыюу салды

Биринчи май райондук соту 2020-жылдын 1-июлуна чейин митинг жана тынчтык чогулуштарын, анын ичинде 8-мартка карата Аялдардын жөө жүрүшүн өткөрүүгө тыюу салды. Тынчтык чогулуштарын өткөрүүгө тыюу салууну суранып сотко Бишкек мэриясы менен Биринчи май райондук администрациясы кайрылган.

Бийлик коронавирус жуктуруу учурунан чочулап, аялдардын укугун коргоо жүрүшүнө тыюу салды, бирок расмий түрдө өлкөдө вируска чалдыккандар жок. Ошол эле учурда, бул тыюу мамлекеттик расмий иш-чараларга тийиштүү болбойт.

Буга чейин бир күн мурда Республикалык штаб коронавирустун алдын алууга байланыштуу массалык иш-чараларды максималдуу чектөөнү сунуштаган, ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин сунушу менен өлкөдө ар кандай иш-чаралар өткөрүү токтотулган.