Жыл сайын аялдардын укугу үчүн өтө турган жөө жүрүшкө карата биз Мамархивге кайрылып, ал жактан пишпектик активист аялдардын сүрөтүн алдык.

Сүрөттө Пишпектеги делегат аялдардын сүрөтү чагылдырылган. Ал 1926-жылы тартылган — дал ушул жылы шаардын ысымы Фрунзеге алмаштырылат.

Этнограф Людмила Тульцеванын борбор азиялык аялдардын социалдык жана руханий азаттыгы үчүн күрөшүү тарыхында 1926-жылы 8-мартка карата чогулуштун урааны «Кооперация аркылуу экономикалык азаттыкка» болгону эскерилет.

«1926-жылы 8-мартта Пишпекте (Фрунзе) демонстрация болгон. Демонстрациянын бардык катышуучулары кызыл жоолукчан болушкан», — деп жазган Тульцева.

Ошол эле жерде башка маселелер да көтөрүлгөн.

«Ошол эле учурда “Сабатсыздык, караңгылык жана түркөйлүк жоюлсун!”, “Партиялык агартуу жана Ленин окуусу — социализм — коммунизм үчүн күрөштө аскерий курал!”, “Жумушчу аялдардын турмуш-тиричилигин оңдоо — адискөй уюмдар менен чарбачылардын кезектеги максаты!” деген ураан-чакырыктар пайда болгон», — деп жазган Тульцева.

Ага чейин бир жыл мурда Пишпекте батрак жана дыйкан аялдардын Биринчи облустук съезди болуп өткөн. Андан кийин дароо сабатсыздыкты жоюу үчүн аялдардын төрт мектеби жана аялдар клубу ачылган.

«Ош жана Жалал-Абад облусунда ондогон аял паранжаларын чечишкен. Мыкты өндүрүшчү аялдарга 8-мартка карата сыйлык катары көйнөк, жоолук, бут-кийим, кызыл жоолуктар белекке берилген. Аялдардын да демонстрациялары уюштурулган», — деп жазган Тульцева.