Маршка кол салуу. Сүрөт: «Клооп»

Бишкекте аялдардын укугун коргогон жөө жүрүшкө чабуул жасалды. Бул мындай жөө жүрүшкө карата жасалган алгачкы кол салуу.

Башында белгисиз адамдар марштын катышуучуларына кол салышып, танспаранттар менен плакаттарды сындырып талкалашкан. Андан соң милиция кол салгандарды кармабай эле, жабыркагандарды кармап кеткен.

Маршка кол салуу ал башталаар алдында — чак түштө орун алды. 30-40ка жакын эркек киши транспаранттарды жана плакаттарды сындырып, жумурткаларды ыргытып, катышуучуларга кол салган.

Ал убакта окуя болгон жерде жүргөн милиция кызматкерлери эч кандай аракет көрүшкөн эмес — муну көптөгөн видеолор да тастыктап турат.

Андан соң милиция чабуулдан жапа чеккендерди кармаган — жалпы 70ке чукул адам.

Милиция Свердлов РИИБине тирешкендердин эки тарабы тең жеткирдик деп айтканы менен кол салгандардын кимдир бирөөсү кармалганы же жогу боюнча эч кандай ырастоолор жок.

Чабуулдан жапа чеккендер кармалгандан кийин эки сааттан соң Свердлов РИИБнен айып тагуусуз коё берилишкен.

Марштын 6-7ге жакын уюштуруучусу РИИБде көбүрөөк убакыт болушту. Аларга карата милиция кызматкерлеринин аракеттерине «баш ийбөө» боюнча айыппул тагылышы мүмкүн.

Өкмөт эми милициянын аракетин «зомбулукту алдын алуу» катары түшүндүрүүгө аракет кылууда.

Кол салуулар, кармоолор кандай болгонун бул видеодон көрүңүз.