Материалдын түп нускасы депутат Дастан Бекешевдин фейсбуктагы барагында жарыяланган. Ал аялдардын укугу үчүн тынчтык маршындагы катышуучулардын мыйзамсыз кармалышынан кийин президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жазган.

Дастан Бекешев

Урматтуу Сооронбай Шарипович,

Кечээ 8-март күнү, дүйнө жүзү Эл аралык аялдар күнүн белгилеп жатканда, бүткүл планетада, Чили менен Мексикадан тарта Ирак менен Орусияга чейин тилектештик акциялары өтүп жатты.

Бишкекте уяла турган окуя орун алды — тынчтык маршты кууп таркатуу, болгондо да улгайган аялдардан тарта жаш кыздарга чейин кууп таркатышты.

Кыргыз Республикасынын Конституциясындагы 34-беренеде так айтылгандай, ар ким тынч чогулуш өткөрүү эркиндигине укуктуу, ал эми аларга тыюу салууга жана чектөөгө жол берилбейт.

Ошол себептен, Аялдар маршын кууп таркатуу боюнча кечээки аракеттер жарандардын конституциялык укуктарын түздөн-түз бузуу болуп саналат.

Жадагалса, акция «макулдашылган эмес», ал эми Бишкектин «Свердлов районунун анонимдүү тургундары» Жеңиш аянтында «мыйзамсыз чогулуш» өтүп жаткандыгына тынчсыздангандарын билдиришкен десек дагы, — бет кап тагынган агрессивдүү митаамдар марштын катышуучуларына (негизинен катышуучу айымдарга) карата кылган зомбулугуна эч кандай актоо жок.

Үзгүлтүккө учураган Аялдар маршынын максатына, анын уюштуруучуларына же катышуучуларына ар кандай мамиле кылса болот, — кудайга шүгүр, биз эркин өлкөдө жашайбыз жана кененирээк аймактык контекстте алганда, көп пикирдүүлүк биздин коомубуздун айырмалоочу өзгөчөлүктөрүнүн бири болуп эсептелет.

Бирок, жарандардын жөнөкөй коопсуздукка болгон укугу өз жеринде ушундай одоно бузулганы жол берилгис нерсе: тилекке каршы, милициянын айкын жол берүүчүлүгүнөн улам бет капчан бандиттер аялдардын ооздорун жаап коё алышты.

Ошол эле учурда, катардагы милиционерлер митингди таркатуу боюнча жетекчиликтин сандырак буйругун аткарып жатып эмне сезишкенин элестетүү мен үчүн кыйын.

Сержант же старшина кечинде үйүнө келип, аялы менен кыздарына 18 жаштагы кызды кантип автобуска сүйрөп баратканын сыймыктануу менен айтып бербесе керек.

Биздин милицияны кылмыштуулукту алдын алуу жана кримтөбөлдөргө каршы күрөшүү иштерине эмес, ушундай максаттарды аткарууга жөнөтүп жатышканы өкүндүрөт. Кечээки окуядан кийин ички иштер министринин эң мыкты кадамы — бул анын отставкага кетүүсү болот деп эсептейм. Биз кээде 8-март — бул апаларыбызга гүл берип, жумуштагы айымдарды торт менен сыйлоо гана эмес экенин унутуп коёбуз.

8-март — тең укуктуулук үчүн күрөш — бул феминисттик баян жана эркектердин укуктарына кол салуу эмес эле реалдуу жана актуалдуу маселе экенин эскерүүгө дагы бир себеп.

Жынысына, улутуна, жаш курагына же диний көз карашына карабаган баарынын тең укуктуулугу — бул албетте, оор иш, бирок бул биз умтула турган максат.

8-мартта кыргыз аялдарынын колдорун кайрып, аларды жумурткалар менен аткылоо уяла турган нерсе. Кечээки окуялар тууралуу дүйнөдөгү эң ири басылмалар (британиялык The Guardian жана Германиянын Deutche Welle, Американын New York Times басылмасы менен ABC, Катардын Al Jazeera, ал тургай Филиппиндин Manila Bulletin) жазып чыгышса да дүйнөнүн алдында уят эмес, биринчи кезекте, өзүбүздүн алдыбызда уят болдук. Алмата менен Киевдеги аялдар коркпостон эле чогулушка чыгып жаткан учурда Бишкекте аялдарды «бурап» туруп, автобуска тыгып жатышканы үчүн уят. Анан, ушунун баары согуштан кайтпай калган жоокердин Апасынын эстелигинин алдында болгону уят.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, менимче, сиз мамлекет бышчысы катары кыргыз аялдары жумуртка ыргытууга арналган объект жана бокс грушасы эмес экенин көрсөтүшүңүз керек. Ушуга байланыштуу, мен сизден аялдар маршын уюштурууга толук кандуу катышууңузду өтүнөм, ага тең укуктуулукту колдогондор жана өлкөбүздү жакшыртууга умтулгандар катыша алмак. Сиздин үлгү көрсөтүүңүз миңдеген адамдарды Кыргызстан басмырлоону, ошондой эле жыныстык белги боюнча кодулоону кабыл албай тургандыгына бир маанилүү жана бекем билдирүүгө шыктандырмак.

Сизди ушул демонстрацияны баштап чыгып, бир дагы жаран милициядан коркпой, тескерисинче алардан коргоочуну жана досту көрүп, аялдар болсо шаарыбыздын көчөлөрүндө тынч басып жүрө алаарын (үйгө, окууга же аялдар маршына болсо да) өзүңүздүн үлгүңүз менен көрсөткөн өлкөбүздүн тарыхындагы алгачкы президент болуп калууга чакырам.

Ошондой эле, Башкы прокуратурага тапшырма берүүңүздү өтүнөм: Аялдар маршын кууп таркатууга жана анын ондогон катышуучуларын мыйзамсыз кармоого буйрук берген ички иштер органдарынын жетекчилеринин аракеттерине укуктук баа берүү.