Ош шаарында «Новый ритм» коомдук бирикмеси Аялдардын эл аралык күнүнө карата үй-бүлөлүк зомбулук темасында талкуу уюштурду. Ага ондогон жаштар катышты. Бирикме 8-мартта тынчтык жөө жүрүш өткөрүүнү да каалаган, бирок жергиликтүү бийлик буга тыюу салды.
Алгач уюштуруучулар иш-чаранын максатына токтолушту. Алардын айтымында, жыл башынан бери үй-бүлөлүк зомбулуктун айынан каза тапкан жана жабыркаган аялдардын окуялары ЖМКларда байма-бай жарыяланып тургандыктан ушул теманын алкагында сөз кылууну чечишкен.
Ошондой эле уюштуруучулар Кыргызстанда аялдардын укугу, гендердик теңдик үчүн арналган 8-март бара-бара аялдар күнүнө айланып белгиленип калганына токтолушту. Мындан сырткары чакырылган юрист Мухае Абдураупова үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын окуяры тууралуу, аялдардын жетишерлик корголбой жатканы боюнча, зомбулукка кабылганда эмне кылуу керектиги боюнча кеп кеңештерин берди.
Андан кийин психолог Жылдыз Асаева үй-бүлөлүк зомбулук бир күндө эле жаралбайт деп айтты. Бул мезгил айлап, жылдап уланат. Бирок психологиялык зомбулук качан жасалып башталганын аңдап билүү дээрлик мүмкүн эмес дейт.
«Зомбулуктун түп-тамыры балалыкта жатат. Зөөкүр жогоруда айтылгандай бир күндө эле зөөкүр болуп чыга албайт. Мунун уруктары бала кезинде себилгендиктен, бойго жеткенде алар билине, көрүнө баштайт», — деп түшүндүрдү ал.
Психолог кошумчалагандай, аялдар психологдорго болбой калды дегенде гана кайрылышат. Алар бул абалда алдында же кылмыш жасалаарын сезишет же өз өмүрлөрүнө кол салып коюшу мүмкүндүгүн туюшат.
Талкуунун дагы бир катышуусу кагаз жүзүндө теңдүүлүк бар экенин, бирок иш жүзүндө андай эмес деген пикирде. Анын ою боюнча, көбүнчө зомбулукка аялдар кабылышат.
«Менин оюмча коомчулук менен иштөөнү мектептен башташ керек. Окуу жайларда бул тууралуу ачык айтуу керек. Мыйзамдар, укуктар жана жыйынтыгында эмне болоору тууралуу айтып адамдар менен иштеш керек», — деп билдирди ал.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2019-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан эң көп аялдар жабыркаган — 5 659. Эркектердин саны дээрлик 11 эсе аз — 486.
Мэрия жана шаардык милиция «Новый ритмге» марш өткөрүүгө болбой турганын республикалык штабдын короновирустун жайылып кетишин алдын алуу боюнча буйругу менен негиздешкен. Бирок коомдук бирикме соттун чечими жок болгондуктан, Конституциянын «Тычтык чогулуштары тууралуу» беренесине ылайык маршты уюштурууну каалаган. «Жергиликтүү бийликтен түшкөн коркутуулардан» кийин бул ойлорунан баш тартууга аргасыз болушкан.
«Бирок бизге мэрия, ШИИБи тараптан коркутуулар түштү. Эгер маршка чыксак бизди марш учурунда кармап кетип камап салабыз деген. Ошондуктан биз өзүбүздүн кеңсебизде онлайн-дискуссия жана консультация өткөрүүнү чечтик», — деп түшүндүрдү бирикменин төрайымы Гулиза Абдыжапарова.
Иш-чаранын катышуучусу Маматказы Расул уулунун айтымында, жергиликтүү бийлик тыюу салганына карабастан жүрүшкө чыккысы келген. Муну менен ал Кыргызстанда канчалык адам укуктары сакталып жатканын, өлкө канчалык демократиялык экенин көргүсү келген. Бишкектеги марштын катышуучуларынын милиция тарабынан кармалышы бул суроолорго жооп берди дейт.
«Менин оюмча бул майрамда аялдардын укуктарын коргоо, алардын да мүмкүнчүлүктөрү бар экениндигин көрсөткөн күн да. Мен да маршка катышкым келген. Эгер марш болуп жаткан учурда милиция келип кармап кетсе, ага да макул болчумун. Биз адам укуктары үчүн күрөшүп жатсак, бизди провокация кылуу туура эмес деп ойлойм», — деп түшүндүрдү.
«Эгер марш болуп жаткан учурда милиция келип кармап кетсе, ага да макул болчумун»
«Новый ритм» коомдук бирикмеси 2014-жылы түзүлгөн. Уюмдун мүчөлөрү жаштарды колдоо жана адам укуктары сакталып турган коомду кура турган келечек муундардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү багытында иш алпарат. Ал эми 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата тынчтык маршын аталган бирикме 2017-жылдан бери өткөрүп келет. Анда аялдардын укугу, тең укуктуулук, тилектештик, билим алууга болгон укук тууралуу чакырыктар жаңырат.
Редактору: Элвира Султанмурат кызы