Үзгүлтүккө учураган аялдардын укугу үчүн марш иллюстрацияларда

Бишкекте 8-март күнү чагымчылар үзгүлтүккө учураткан аялдардын укугу үчүн жыл сайын өткөрүлүүчү марш өтүшү керек эле. Анда чагымчылар тынчтык акциясынын катышуучуларына чабуул жасап, аларды сабап, транспаранттарды талкалап кетишкен. Бул окуядан кийин милиция марштын 70 чукул катышуучусун кармап, алардын ичинен жетөөсүнө баш ийбөөчүлүк боюнча протокол түзгөн. Милициянын айтымында, чагымчылар да кармалган— бешөөнүн кармалганы жөнүндө белгилүү — бирок бирок маршка катышууга келгендер аларга кол салгандарды автозактан жана РИИБдин имаратынан көрүшпөгөнүн айтышууда. Мындан тышкары, чагымчылардын саны кыйла көп болгон — 30га чукул адам.

Тынчтык марштын катышуучуларынын кармалышына кыргызстандык иллюстраторлор да көңүл бурушкан. Алар 2020-жылдын 8-мартын төмөндөгүдөй көрүшөт: