Сооронбай Жээнбеков: Баткен шаары 60 пайызга таза суу менен камсыздалды

Президент Сооронбай Жээнбеков 10-мартта Баткен шаарындагы иш сапарынын алкагында «Баткен шаарын таза суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо» долбоорун иш жүзүнө ашыруунун жүрүшү менен таанышты.

Аталган долбоор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын көмөгү менен аткарылып жатат — учурда Баткен шаары 60%га таза суу менен камсыздалды. Ал эми долбоордун жыйынтыгында шаардын таза суу менен камсыздалышы 98%га жетиши күтүлүүдө.

Долбоорго ЕӨРБ жалпысынан 29 миллион евро бөлө турган болду. Анын биринчи траншы 4 миллион еврону түзөт — 2,5 миллион евро грант катары, 1,5 миллион евро кредит катары берилген.

Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Көкүмбек Таштаналиев долбоор үстүбүздөгү жылдын август айында бүткөрүлөөрүн маалымдады.

Ал эми Жээнбеков 2024-жылдын соңуна чейин жалпы өлкө боюнча калкты таза суу маселеси чечилет деп ишендирип өттү.

Расмий маалыматка ылайык, акыркы жылдарда өлкөдөгү 107 айыл таза суу менен камсыздалган. Мындан тышкары таза суу менен камсыздоо тизмесине 588 айыл кирген.