Бишкектин борборундагы Уркуя Салиеванын айкелинин алдында зомбулукка каршы митинг өттү. Ал узак убакытка деле созулган жок — коркутуулар да тоскоолдук жараткан жок. Буга чейин чагымчылар аны үзгүлтүккө учуратуу үчүн бир топ аракеттерди көрүп, белгисиз адамдар катышуучуларын коркутушуп, ал эми ырчы Тата Улан менен дин үгүттөөчү Өзүбек Ажы Чотонов көрармандарын митингге чакырып, аны өткөрүүгө жолтоо кылууну сунушташкан. Иш-чарага каршы чыккандардын аракетине карабастан митинг өттү (өткөндө да кырк гана мүнөткө созулду), ага 300гө чукул адам катышты.

Нааразылык акциясына чогулгандар өз плакаттары менен келип, Кыргызстанда эркин жана бактылуу болууга укуктары бар экени тууралуу ураан чакырышкан.

Митингге мурдагы мамлекет башчысы Роза Отунбаева менен антикоррупциялык активист Ширин Айтматова келди. Алар митингчилерди колдоо үчүн келишсе, башка аялдардын тобу акцияны үзгүлтүккө учуратууну көздөп келишкен. Элечек кийген аял митинг башталганга чейин эле келип, сөз алгысы келген, бирок ага мындай мүмкүнчүлүк берилген жок, анткени иш-чаранын эрежеси ушундай болчу — модератордон башка эч ким сөз ала албайт.

Андан кийин аталган аял урушуп, кандайдыр бир «салттык баалуулуктар» жөнүндө айта баштаган, ушундай багытта пикирлерди айтуу үчүн башка да аялдар келген — бул аялдар 8-мартта үзгүлтүккө учуратылган аялдардын укугу үчүн маршта байкалган. Белгисиз адамдардын чабуулунан улам өтпөй калган маршта аталган аялдар жөө жүрүшкө катышуу үчүн келгендерди чагым кылып, аларды жулкулдатып, тепкиге алып, кармап алып коё бербей жана кыйкырыктар менен «Мына, муну алып кеткиле» деп милициянын колуна өткөрүп берип турушкан.

Кайсы бир убакта атактуу болгон ырчы Тата Улан да митингге келди. Ал буга чейин соцтармактарда акцияга келип, аны өткөрүүгө тоскоол болуш керек деп жазган. Ушундай сунушту артынан ызы-чуу калбаган диний үгүттөөчү Өзбек Ажы Чотонов да айтып, митингге келген. Митингде «Кырк-Чоро» улуттук патриорттор кыймылынын эки мүчөсү да келди. Алар акциянын катышуучуларынын көңүлүн бура алышкан жок, бирок журналисттерге интервью беришти. Тата Улан журналисттерден турган аудиторияга үй-бүлөлүк баалуулуктар тууралуу, башкысы аял үйдө отурушу керек деп айтып берди.

Башкы прокуратура менен Бишкек шаардык соту митингдерге тыюуну мыйзамсыз деп таап (тыюу мыйзамсыз экени ансыз да түшүнүктүү, мыйзамсыз экени Конституцияда да жазылган), ал эми катышуучуларды кууп таркатууну бийлик сынга алгандан кийин бул ирет уюштурулган митинг тынч нукта өттү. Милиция тартипти көзөмөлгө алып, ал эми Биринчи май РИИБнин башчысы чагымга жол бербөөнү убада кылды.

Митинг бүтөөрү менен социалдык тармактарда фейктер толкуй башташты. Мисалы, Бешинчи каналдын журналисти Диана Айдарова кезектеги гомофобдуу пост жазып, «Клооптун» журналист кызын жаш гей деп атаган.