Айзирек Темирбекова

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда төрөлүп-өскөн Айзирек Темирбекова учурда Түркиянын Самсун шаарындагы 19-май университетинде магистратураны аяктоо алдында турат. Ал Кыргыз-түрк «Манас» университетинде Тамак-аш инженерлиги бөлүмүн 2017-жылы аяктап, Түркияга магистратураны окуу үчүн барган.

Айзирек магистрдик ишинин темасы катары курутту тандап алып, аны изилдеп 2020-жылдын февралында диссертация жактады. Ал «Клоопко» эмне үчүн курутту изилдөөнү чечкени тууралуу, изилдөөнүн өзү жана алдыдагы пландары боюнча ой бөлүштү.


Курут темадасында жазылган илимий эмгектер жокко эсе.


Магистрдик ишимдин темасын тандоодо Кыргызстанда өндүрүлгөн, калк арасында суроо-талап жогору болгон бир азыкты изилдөөнү максат кылганбыз. Кийин улуттук сүт азыгы болгон курутту изилдөөнү чечтик. Кыргызстанда курут калк арасында абдан көп өндүрүлгөнүнө карабай курут темадасында жазылган илимий эмгектер жокко эсе.

Мен изилдөөмдү баштоодон мурда алгач курут тууралуу маалымат чогулттум. Курут Кыргызстан, Казакстан сыяктуу Орто Азияда жайгашкан өлкөлөрдөн сырткары, Иран, Ирак жана Сирия мамлекеттеринде ошондой эле Түркияда да өндүрүлөт. Түркиянын чыгыш жана түштүк чыгыш аймактарында, айыл калкы арасында өндүрүлөт. Бирок, Кыргызстандагыдай белгилүү эмес. Көпчүлүк адамдар курут тууралуу билишпейт. Ошентсе да Түркияда курут боюнча жазылган магистрдик диссертациялар, илимий макалалар бар.

Биз бул ишти жасоодо негизги эки максатты көздөгөнбүз. Биринчиси кайра иштетүү тармагына салым кошуу, экинчиси ден-соолукка пайдалуу азык өндүрүү. Ошондуктан биз изилдөө максатында жасаган курут салттуу куруттан айырмаланат. Биз сунуш кылган курут өндүрүү ыкмасында: «сливочное масло» жасоодо майы алынып, колдонулбай таштандыга кеткен сүт менен майсыз сүттүн аралашмасы колдонулат. Бул сүт кадимки сүттөн айырмаланып майы гана жок болбосо, сүттөгү белок, углевод, минералдык заттар сыяктуу бардык компоненттерди камтыйт.

Мындай аралашманы курут өндүрүүдө колдонуудан мурда алдын ала ар кандай катыштардагы аралашмалар даярдалып, андан кийин арасынан эң оптималдуусу тандалып алынды. Негизи курут айрандан жасалган сүзмөдөн өндүрүлөт. Ал эми биз сунуш кылган курамдагы курутту өндүрүүдө кыйынчылыктар болбой койгон жок. Эң биринчи эле аралашмаларды уютуп керектүү консистенциядагы айранды өндүрүү кыйын болду. Анан да биз бул ишти жасап жаткан учур кыш мезгилине туш келгендиктен курутту кургатууда атайын лабораториялык кургаткычты колдондук.


Бул экстрактардын антимиктробдук өзгөчөлүгү курутту узак мөөнөткө сакталышын да камсыз кылат.


«Курутка апельсиндин кабыгынын консентранты кошулат»

Биз өндүргөн куруттун дагы бир өзгөчөлүгү ага апельсиндин кабыгынын экстракты кошулат. Муну менен биз тузду азыраак колдонгонбуз. Себеби тузду ашыкча колдонуу кан-басымдын жогорулашына алып келет. Бул экстрактардын антимиктробдук өзгөчөлүгү курутту узак мөөнөткө сакталышын да камсыз кылат.

Баарыбызга маалым болгондой апельсиндин кабыгы да шире өндүрүшүндө көбүнчө колдонулбай толук бойдон таштандыга кетет.

Апельсиндин кабыгы адамдын организми үчүн керектүү, пайдалуу болгон фенолдук заттарга өтө бай келет. Ошондуктан биз курут өндүрүүдө апельсиндин кабыгынын экстрактын кошууну чечтик. Бул мөмөнүн кабыгындагы фенолдук заттар ден соолукту чыңдап, рак, кант диабети, жүрөк жана кан-тамыр ооруларынын алдын алууга жана даарылоого жардам берет. Буга кошумча бактерия, вирус, сезгенүү жана аллергияга каршы күрөшүүчү өзгөчөлүктөргө ээ экендиги илимде далилденген. Ошондой эле фенолдук заттар табигый антиоксидант болуп эсептелишет.

Антиоксиданттар тамак-аш азыктарын өндүрүүдө кычкылдануунун алдын алуу менен азыктын сактоо мөөнөтүн узартуу үчүн кошулган тамак-аш кошулмалары болуп эсептелет. Учурда бүт дүйнөдө тамак-аш азыктарын өндүрүүдө көбүнчө синтетикалык жол менен алынган антиоксиданттар колдонулат.

Магистрдик ишти жактоо учуру

«Курутту ден соолукка пайдалуу азыкка айландырууну көздөгөнбүз»

Акыркы мезгилде жасалган изилдөөлөр мындай синтетикалык тамак-аш кошмолорунун рак ооруларына алып келе тургандыгы далилдеген. Ошондуктан табигый антиоксиданттарга болгон талап өсүүдө. Натыйжада мөмө-жемиш таштандыларын кабык, урук сыяктуу фенолдук заттардын арзан жана табигый булагы катары колдонуу боюнча абдан көп изилдөөлөр жасалып жатат. Биз да апельсин жана анардын кабыгынын экстрактын курутка кошуу менен курутту ден соолукка пайдалуу, функционалдуу азыкка айландырууну көздөгөнбүз.


Жыйынтыктап айтканда, кошулган экстрактардын жардамында фенолдук заттарды камтыган ден соолукка пайдалуу азык өндүрүлдү.


Курут өзү кургак азык болгондуктан узак өмүрлүү азыктардын катарына кирет. Ошондуктан анын изилдөө иштери да узакка созулду. Куруттун жалпы массасынын орточо эсеп менен 50%ын белок түзөт. Мындан сырткары кальций, фосфор сыяктуу минералдык заттарга бай азык. Жыйынтыктап айтканда, кошулган экстрактардын жардамында фенолдук заттарды камтыган ден соолукка пайдалуу азык өндүрүлдү.

Кыргызстанга кайтып тамак-аш тармагында өз кесибим боюнча иштейм деген максатым бар. Муну менен бирге изилдөө иштеримди улантам. Кыргызстанда өндүрүлгөн куруттар боюнча да изилдөө иштерин жасоо, бул теманы өркүндөтүү планымда бар. Мисалы, биз анардын кабыгынын экстракты менен да жасаганбыз. Кийин убакыттын жетишсиздигине байланыштуу апельсиндин кабыгы кошулган азыктын анализдерин гана жасоого жетиштик. Түркияга салыштырмалуу Кыргызстанда апельсин өспөйт, башка жактан ташылып келип сатылат да.