Депутат Дастан Бекешев парламенттин отурумунда коронавирус жуктуруп алуу коркунучунан улам депутаттарга чет өлкөгө иш сапарга чыгууга тыюу салууну, ал эми сапардан келгендерди бир айга карантинге жаткырууну сунуштады.
«Францияда, Испанияда, Иранда депутаттар бири-бирине жуктуруп алышты. Биздин депутаттар буга карабастан [чет өлкөгө] чыгып жатышат. Балким тыюу салып коёсуз? Мындай болбойт да. Кээ бир депутаттар Германияда, ал жакта бир миңден ашуун адам ооруп жатат. Бул иш сапарларды токтотуш керек», — деди Бекешев.
Спикер Дастан Жумабеков демилгени колдогон жок. Анын ою боюнча, «чаралар көрүлгөн», ал эми депутаттарга түшүндүрүү жүргүзүлүп жатат.
«Мисалы, биз мурда конокторду тосуп алып, ар кандай иш-чараларды өткөрчүбүз, мектеп окуучуларын, студенттерди, айылдык кеңештин депутаттарын тосуп алчубуз, бирок азыр мунун баарына убактылуу тыюу салынды», — деди Жумабеков.
Эгер жаран Кыргызстанга коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны көп болгон өлкөдөн кайтып келсе — карантинге ооруканага жөнөтүлүшү керек, эгер ал вирус жуктурган адам бар болгон өлкөдөн кайтып келсе — үй карантинине жаткырылыш керек. Мисалы, Германия боюнча айтсак, депутатты үй карантинине жөнөтүп койсо болот эле, бирок дипломаттар, делегация жана эл аралык уюмдардын мүчөлөрү карантинге жөнөтүлбөйт. Ал эми депутаттар улам-улам расмий делегациянын курамында сапарга чыгып жатышкандыгына байланыштуу алар карантинге жөнөтүлбөй тургандыгы анык.
Коронавирустун алдын алуу
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алуу коркунучунан улам бийлик Кытай, Түштүк Корея, Жапония, Италия жана Ирандын жарандарына Кыргызстанга кирүүгө убактылуу чектөө киргизген.
«Кооптуу» өлкөлөрдөн кайтып келген жарандардын бардыгын карантинге жөнөтүш керек, бирок, кээ бир жарандардын маалыматтарына караганда, бул дайыма эле боло бербейт. Мындан тышкары, өлкөгө айди паспорт боюнча кирүүгө убактылуу тыюу салынган. Муну жарандар карантинге баргысы келишпейт жана Кыргызстанга казак чек арасы аркылуу ички паспорт боюнча кайтып жатышат деп түшүндүрүшкөн.
Ошондой эле, коронавирустун жайылуу коркунучунан улам бийлик массалык иш-чараларды өткөрбөөнү сунуштаган. Бишкекте сот аркылуу июлга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салууга аракет кылышкан, бирок кийинчерээк шаар бийлиги тынчтык чогулуштарга тыюуларды чакыртып алган — буга мындай тыюулар Баш мыйзамга туура келбегени да себеп.
Дүйнө жүзүндө вирустан чочулоо Кыргызстандагы пландык иш-чараларга да таасир этти. Мисалы, февралдын аягында Спорт мамагенттиги билдиргендей, Бишкекте өтүш керек болгон IV дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты коронавирустун айынан жаздын аягына чейин жылдырылды.
2019-жылдын декабрынын аягында коронавирус очогу тутангандан бери Кыргызстанда бир учур катталган эмес. Бийлик эмдигиче расмий түрдө вирус жуктурулгандар тууралуу маалымдашпай эле, бирок ошол эле кезде өлкө Кытай менен чектеш жайгашкан жана көптөгөн тармактарда кызматташтык кылат. Эки өлкөнүн ортосунда студенттер, ишкерлер жана сапарман айдоочулар улам-улам каттап турушат.