Өкмөт коронавирус боюнча басма сөз жыйынды өткөрбөй калды ¯\_(ツ)_/¯

12-март күнү саат 12:00дө коронавирусту алдын алуу үчүн көрүлө турган чаралар тууралуу өкмөттүн басма сөз жыйыны өтмөк, бирок ал өтпөй калды. Бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

«Өкмөт өткөрбөй калды. Азырынча себептерин билбейбиз», — деп билдирди Саламаттык сактоо министрлиги. Басма сөз жыйыны өтүшү керек болгон «Кабар» маалымат агенттигинде да иш-чара эмне себептен өтпөй калганын билишпейт.

Саламаттык сактоо министрлиги басма сөз жыйында Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалдын абалы тууралуу айтып берүүнү убадалаган. Бийлик профилактика үчүн чара көрүп жатканын маалымдап келет, мисалы, карантин жана чек арадагы күчөтүлгөн текшерүүлөр. Бирок, соцтармактагы колдонуучулар алардын жакындары карантинден кантип кутулуп кеткени тууралуу окуяларды бөлүшүп жатышат.

Буга чейин «Клоопко» маек курган кыргызстандыктар да бийлик тараптан көрүлүп аткан чаралар жетишсиз экенин айтып беришкен. Алардын ичинде бир палатада сегизден адам кармалган карантиндин шарттары бар, тагыраагы эгер палатада короновирус жуктурган кимдир бирөө болсо, анда аны палатада жаткан башка адамдар да жуктуруп алуу коркунучу жогору.

11-мартта Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун пандемиясын тааныды.

Коронавирус жана Кыргызстан

Бийлик дагы деле Кыргызстанда коронавирус жуктургандар бар же жогун бышыктай элек. Анткен менен өлкө Кытай менен чектеш жана мамлекеттер ортосунда студенттердин, сапарман айдоочулардын жана ишкерлердин туруктуу агымы бар.

Коронавирустун алдын алуу боюнча көрүлгөн чаралар — бул массалык иш-чараларды өткөрүүгөө же аларга чектөө киргизүү сунуштары. Кыргызстан мусулман дин башкармалыгына (КМДБ) жума намаздарга чектөө киргизүүнү сунушташкан, бирок КМДБ билдиргендей, бул дээрлик мүмкүн эмес, анткени жума күнү сөзсүз түрдө мечиттерде намаз окуш керек. Анткен менен профилактика жүргүзүү максатында мечиттерди дезинфекция өткөрүп, мечитке келгендерге жана медреселерде окугандарга коронавирус тууралуу айтып берүү иштерин башташкан.

Депутат Дастан Бекешев кесиптештеринин чет өлкөгө сапарларын чектөөнү, ал эми кайтып келгендерди бир айга карантинге жөнөтүүнү сунуштаган. Өкмөт кыргызстандыктар үчүн карантин чараларын күчөткөнү менен бул чектөө расмий делегациянын мүчөлөрүнө жайылбайт, алар карантинге жайгаштырылбайт. Демек эгер депутат расмий делегацияда сапарга чыгып келип коронавирус жуктурган абалда туруп карантинден өтпөй парламентке келе турган коркунучу жогору.

Буга чейни Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска даяр экенин маалымдаган, ал эми ведомствонун министринин орун басары аларда «коргоо шлемдери» жана дагы башка каражаттар бар экенин айткан. Министрлик билдиргендей, башка өлкөлөрдөн келгендер гана вируска текшерилип жатат, калгандары шек жаралган учурда поликлиникага барышы керек — кээ бир кыргызстандыктар бул кеңеш боюнча райондук ооруканаларга барышкан, бирок ал жактан кайрылгандарга жардам бере алышпсын айтышкан.