Ош шаарындагы коронавирустун алдын алууга байланыштуу штабдын отуруму. Сүрөт: Ош мэриясы

Ош шаарында коронавирстун алдын алуу боюнча мэриянын алдында түзүлгөн штабдын отуруму өттү. Отурумга мэр Таалайбек Сарыбашов, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери, оорукана башчылары, муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары жана штабдын мүчөлөрү катышты. Анда тиешелүү кызматтарга протоколдук тапшырмалар берилди:

  • Коронавирустук инфекция боюнча кырдаал жакшырганга чейин маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүнү убактылуу чектөө;
  • Аба жана жол каттамдары аркылуу келген биринчи, экинчи баскычтагы коркунуч жараткан өлкөлөрдүн жарандарын, алар менен байланышта болгон адамдарды Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык тиешелүү текшерүүдөн өткөрүлүп, атайын даярдалган обсервацияларда 14 күн кармоо;
  • Кошумча обсервацияларды уюштуруу (өзгөчө кырдаал болгон учурда), медициналык буюмдар, эмеректер, дары-дармектер менен жетиштүү санда камсыз кылуу боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу;
  • Графиктин негизинде жогорку жана орто окуу жайларында, жалпы билим берүүчү мамлекеттик жана жеке менчик мектептерде, бала бакчаларда, мамлекеттик жана жеке менчик саламаттыкты сактоо мекемелеринде короновирустун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
  • Билим берүү мекемелеринде күчөтүлгөн тартипте санитардык-гигиеналык абал көзөмөлгө алып, дезинфекциялык иштерди аткаруу жана мекемелерди таза суу, антисептикалык каражаттар менен камсыздоо;
  • Республикалык штабдын протоколдук тапшырмаларынын негизинде коомдук тамактануучу жайларда, ашканаларда жана ресторандарда, соода түйүндөрүндө, муниципалдык жана жеке менчик базарларда, жеке менчик такси кызматтарында, жеке менчик окутуу борборлорунда, эс алуу жайларында жана балдардын көңүл ачуу борборлорунда коронавирустун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүү;
  • Шаар аймагындагы азык-түлүктүн бааларын, санын, сапатын көзөмөлгө алып, күн сайын мониторинг жүргүзүү;
  • Өзгөчө кырдаал түзүлгөн учурда туруктуу коомдук-саясий абалды сактоо боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү;
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгы кошумча обсервациялар түзүлгөн учурда тиешелүү эмеректер, транспорт, палаткалар, тамак- аш менен камсыз кылуу;
  • Ош шаардык ички иштер башкармалыгы шаар аймагында коронавируска байланыштуу түзүлгөн обсервациялардын жана ооруканалардын коопсуздугун камсыздайт;
  • Аба жана жол каттамы аркылуу келип, депортацияга кабылган чет элдик жарандар боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу. Алардын тамак-аш, жатакана менен камсыз болуусун көзөмөлгө алуу;
  • Тиешелүү муниципалдык аймактык башкармалыктарда калк арасында коронавируска байланыштуу профилактикалык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүү;
  • МАБдарда жайгашкан ресторан, кафе, көңүл ачуучу жайларда массалык иш-чара, той, мааракелердин болуусун чектөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
  • Шаар аймагындагы мамлекеттик, муниципалдык транспорт каражаттарында күн сайын дезинфекция жүргүзүү;
  • Ош шаарынын казыятына караштуу мечиттерде жана диний окуу жайларында, жамаатар арасында профилактикалык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана мечиттерде, намазканаларда дезинфекциялык иштерди улантуу;
  • Ош эл аралык аэропортунда ички каттамдардан калаага учуп келген кыргызстандыктарды коронавируска текшерүү.

Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Клоопко» билдиргендей, аталган тапшырмалардын аткарылышын коронавирустун алдын алуу боюнча штабына кирген тиешелүү мамлекеттик органдар жана калаанын вице-мэрлери көзөмөлгө алышат.