Кыргызстандын муфтийи Максатбек Токтомушев өлкөдөгү мечиттерде жума намазын окуу убактылуу токтотулганын кабарлады. Анын айтымында, буга коронавируска байланыштуу массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынганы себеп болгон.
«Баарыбызга белгилүү болгондой, коронавирус оорусу бүткүл дүйнөгө тарап жатат. Бүгүнкү күндө ушул коронавирустун өлкө аймагында кеңири тарап кетпеши үчүн, Кыргыз Республикасынын өкмөт башчысы өлкөдө маданий, спорттук жана билим берүү иш-чараларына чектөөлөрдү киргизди. Ошондой эле, диний башкармалыкка, өлкөдөгү диний мекемелердеги иш-чараларга чектөө киргизүү боюнча сунуштарын берди», — деп айтылат кайрылууда.
Ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 5 убак намазды үйдө окууну сунуштап, даават кылууга да убактылуу чектөөлөрдү киргизди. Муфтият жаназа намазын маркумдун жакын туугандарынын гана катышуусунда окууну сунуштайт.
Ошол эле учурда мечиттер жабылбайт — анда мусулмандарга намаз убактылары тууралуу кабар берүү үчүн азан айтылып турат.