Изилдөөчү жана дата аналитик Савия Хасанова ачык булактардан коронавируска байланыштуу статистикалык маалыматтарды топтоп, аларды визуалдаштырды. Коронавирус 18-мартта Кыргызстанда да катталганы айтылды — үч киши. Ошондуктан төмөнкү маалыматтар сизге коронавирус тууралуу билимиңизди тереңдетүүгө өбөлгө түзөт. Бул маалыматтар 2020-жылдын 16-мартына карата актуалдуу.

  • Коронавирус экспонента боюнча өсүүдө жана бир нече күн мурун эле дүйнө боюнча жуктурган адамдардын саны Кытайда жалпы ооругандардын санынан ашып өттү.
  • Коронавирустан өлүмдүн деңгээли 4 пайызды түзөт.
  • Ооругандардын дээрлик жарымы айыкты. 60 жаштан өткөндө аталган илдеттен өлүм деңгээли жогорулайт.
  • (Азырынча) коронавирус жуктургандардын 80 пайызга жакыны дарылануусу зарыл. Бирок сөзсүз эле ооруканада эмес үй шартында да дарыланса болот.
  • Кытайда ооругандардын 80 пайыздан ашууну айыкты. Башка өлкөлөрдө (вирус жаңыдан табылгандарда) айыккандар аз.
  • COVID-19дан эң жогорку өлүм деңгээли Италияда эмес, Ирак, Алжир жана Филиппинде.