Кара-Суу районунда ун айылдарга жеткирилип сатылууда

Кара-Сууда тарткатылып жаткан ун. Сүрөт: Ош облустук администрациясы

Ош облусундагы Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимовдун айтымында, аймакка 70 тонна ун алынып келинди. Аны сатып алууда кезек жаралбашы үчүн ун айыл өкмөттөргө жетирилип берилүүдө.

Ош облусунун жана Ош шаарынын аймактарында бир аптадан бери унга суроо-талап күч. Жергиликтүү тургундар унду кабы менен сатып алууда. Мындай көрүнүш коронавирус коңшу өлкөлөрдө катталгандан кийин орун алды.

18-мартта саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Жалал-Абад облусунун Сузак районунун үч тургуну коронавирус жуктурганы аныкталгандыгын кабарлады. Эки күндөн кийин министр оору Ноокат районуна жеткенин билдирип, ал жакта да илдет менен үч адам катталганын айтты.

Кыргызстанда алгач коронавирус катталганы белгилүү болгондо өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков өлкөдө медициналык кырдаал көзөмөлдө экенин жана азык-түлүк жетиштүү болгонун билдирген. Ошондой эле чайкоочулук кылгандар жоопкерчиликке тартылаарын эскерткен.