УБдун төрагасы сом тууралуу: «Бардыгы бир нече күндө ордуна келет»

«Бир нече күн ушундай абал болот, ал убакыт ичинде бардыгы ордуна келет», — Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов доллардын кунунун өсүшү менен сомдун кунунун түшүп кетишине карата ушундай пикирин айтты.

20-марттагы брифингде ал бүгүн доллардын куну көптөгөн банктар менен акча алмаштыруу жайларында «бир аз артка кеткенин» билдирди.

«Дүйнөдө жана Кыргызстанда абдан көп окуялар болуп кетти — нефттин баасы кескин түшүп кетти, анын ичинде коронавирустун жайылышы бар. Дүйнөдөгү жана ЕАЭБдеги бардык нерселер бизге таасир этип жатат. Доллардын кунунун өсүшүнө чек аралардын жабылышы да таасир этти. Бул болуп кеткен факт, аны кабыл алыш керек», — деди Абдыгулов.

Ал учурда Кыргызстанда чек аралардын жабылышынан улам соода-экономикалык жана ишкердик активдүүлүк солгундай түшкөнү байкалып атканын белгиледи.

Ошондой эле Абдыгулов Улуттук банк (УБ) доллардын куну боюнча көрсөтмө берди деген маалыматты төгүндөдү.

«Кээ бирөөлөр Улуттук банк көрсөтмө берди деп жазган, бирок мындай болушу мүмкүн эмес. Мунун баары автоматташтырылган система жана коммерциялык банктар курстарды ошого ылайык чыгарат. Кечээ базарда 84,9 сом тең салмактуу курс болчу, ошондуктан ал көчөдө 85 сом болуп кармалып турду. Бүгүн абал турукташат. Валюта сатып алуу менен сатуунун ортосунда эмне үчүн айырма мынчалык чоң деген суроолор көп болду. Бул дагы базардагы аныксыздыкка байланыштуу. Валютанын банк системасындагы ушундай бир таңсыктыгы жок», — деп белгиледи ал.

Ошондой эле Толкунбек Абдыгулов улуттук валютага карата басым байкалып атканын белгиледи. Анын айтымында, сомдун алсыроосу соода-өнөктөш өлкөлөрдө болууда. Мындан тышкары, февралдын башынан бери өлкөгө акча которуулардын саны 14 пайызга азайган.

«Көңүл бурдургум келет — каржы жөндөөчүсүндө 2,3 млрд доллар деңгээлинде резервдер бар. Резервдердин максаты — алмаштыруу курстарынын кескин өйдө-төмөн болуусу менен тобокелдиктерди тегиздөө мүмкүнчүлүгү болушу үчүн керек. Бул жетиштүүдөн да жогору. Дүрбөлөң болууга кажет жок. Дайыма доллардын куну кескин көтөрүлүп кеткенде бир аз дүрбөлөң башталат. Биз мындайды 2014-2015-жылдары кун 50дөн 76га чейин көтөрүлүп кеткенде баштан өткөргөнбүз. Ал учурда да бул нефттин баасы түшүп кеткендиктен болгон. Азыр да ошондой эле болуп жатат», — деп жыйынтыктады сөзүн Абдыгулов.

Валюталар кунунун кескин өзгөрүп кетиши

19-мартта Кыргызстанда АКШ долларынын куну 85 сомго чейин көтөрүлүп кеткен, бирок ошол эле күнү эртең менен доллар 72 сомдон сатылып жаткан. Ал эми евро валютасы 90 сомдон 95 чейин көтөрүлгөн.

Материал жарык көрөөр алдында доллардын куну 77 сомго, ал эми евронуку 90 сомго кайтып келди.

Булагы: Valuta.kg сервиси

Сом Орусия менен Казакстанда доллардын куну көтөрүлүп кеткенден кийин кулаган. 18-мартта АКШ долларына болгон дүйнөлүк валюталардын кундарынын туруктуу эмес божомолу боюнча рубль экинчи орунга чыккан. 19-мартта Орусиянын Борбордук банкы Улуттук жетиштүүлүк фондунун каражаттарынан чет элдик валютанын ички базарларда сатылып баштаганы тууралуу жарыялаган.

Ошол эле күнү кечинде Улуттук банк доллардын кунунун осүшүн кармап калуу үчүн 3,7 млн долларга интервенция жүргүзүп, сомдун андан аркы кулоосуна себептер жоктугун билдирген. Valuta.kg сайтынын маалыматына ылайык, интервенциядан кийин доллардын куну 81,4 сомго чейин түшкөн.

Буга карабастан бир күн ичинде АКШ валютасы дароо дээрлик 13 сомго, 73 сомдон 85 сомго кымбаттап кеткен.

Акыркы бир нече жыл бою доллардын куну Кыргызстанда 69 сом болуп кармалып турган. 2020-жылдын 10-мартында ал бир күн ичинде 72 сомго чейин көтөрүлгөн. Анда дагы Улуттук банк ички базарда 53,7 млн долларды сатып, валюталык интервенция кылган.

Анда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов «сомдун мындан ары кулоосуна себептер жоктугун, өлкө экономикасы өсүп атканын, ал эми коронавируска байланыштуу айрым структуралык өзгөрүүлөрдүн кыска убакытка гана таасири бар» деп ишендирген.

2020-жылдын толук эмес үч айы ичинде Улуттук банк интервенцияга 199 млн доллар сарптады. Салыштырсак, 2019-жыл бою бул үчүн 151 млн бөлүнгөн.