Коронавирус жуктурган 71 жаштагы бейтап жандандыруу бөлүмүнө которулду

Республикалык штабтын маалыматына ылайык, 23-мартта Кыргызстанда коронавируска чалдыккан жаӊы учур катталган жок.

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматованын айтымында, 5-февралдан тарта обсервацияда жаткан 2451 адам лабораториялык изилдөөлөрдөн өтүп, 14 адамда коронавирус аныкталган — алардын сегизи Сузак районунда, үчөө Ош облусунун Ноокат районунда, бирөө Баткен районунда жана экөө Бишкек шаарында.

Бейтаптардын арасынан Жалал-Абад облусунда дарыланып жаткан эки адамдын абалы «орточо оор» деп бааланууда. Алардын ичинен 71 жаштагы бейтаптын оң тарабында пневмония пайда болуп жандандыруу бөлүмүнө которулду.

Ал эми калган 12 бейтаптын абалы «канааттандырарлык». Булар менен карым-катнашта болгон 2628 адам табылып, үй карантинине алынды. Ошондой эле 14 күндүк обсервацияга алынган жарандардын 1407си үйлөрүнө коё берилди.