Өзбекстан Баткендеги дарыгерлерге 500 коргонуучу костюм берди

Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов менен ӨзбекстандынФергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен коңшу мамлекет Баткен облусуна 500 коргонуучу костюм берди. Комплекттин ичинде беткап, көз айнек жана коргонуучу костюм бар.

Бул комплект формалар облустагы саламаттыкты сактоо кызматкерлерине жана санитардык-карантиндик көзөмөл постторундагы кызматкерлерге берилет.

Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулованын айтымында, Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорундагы тигүү цехтеринде да коргонуучу кийимдер жана беткаптар тигилип жатканын белгиледи.

Анын айтымында, буга чейин Фергана облусунан 2600 даана таңгакталган медициналык марли жана 1 тонна 400 килограмм дезинфекциялоочу каражат алынып келинген.

Кыргызстанда коронавирустун жалпы 14 учуру катталды — алардын сегизи Сузак районунда, үчөө Ош облусунун Ноокат районунда, бирөө Баткен районунда жана экөө Бишкек шаарында.