Маршруттук баракча, коменданттык саат. Эми кандай эрежелер менен жашаш керек? Түшүндүрөбүз

Бишкектин көчөлөрүн дезинфекциялоо, 23-март. Сүрөт: Жибек Каракеева

25-марттан тарта Кыргызстанда COVID-19 коронавирусу катталган райондордо өзгөчө абал тартиби киргизилди. Аталган режим киргизилген аймактардын катарына өлкөнүн эң ири үч шаары кирди: Бишкек, Ош жана Жалал-Абад.

Анын арты менен адамдардын күнүмдүк жашоосуна олуттуу өзгөрүүлөр кирди. Алардын арасынан эң чоңу — бул көчөдө жүрүүгө мурда болуп көрбөгөндөй катаал чектөөлөрдүн киргизилиши.

Алар кандай иштей турганын түшүндүрөбүз.

Кайсы убакта эшикке чыга алам?

Күндүз саат 7:00дөн кечки 20:00гө чейин гана. Албетте, бул эреже күч түзүмдөрүнүн, мамлекеттик же оорукана кызматкерлерине тиешелүү эмес. Мисалы, сиз жогоруда аталган кесиптердин кызматкери болсоңуз, анда сизде көчөдө жүрүү үчүн атайын уруксат кагазы болушу керек.

Ал эми жөнөкөй жарандарга күндүзү да зарылдыгы жок көчөгө чыгып, сейилдөөгө болбойт.

Бул кандайча? Анан кайда барсам болот?

Күндүз дарыканаларга, соода-сатык дүкөндөрүнө, ооруканаларга жана банктарга гана барсаңыз болот. Негизинен, үйдө отурууга аракет кылыңыз.

Мен кайда бара жатканымды бийлик кантип көзөмөлдөй алат?

Ал үчүн сиз дайыма жаныңызга паспорт менен маршруттук баракчаны ала жүрүшүңүз керек. Маршруттук баракчада сиз кайдан жана кайда бара жатканыңыз жазылат. Эгер сизди патруль (өзгөчө абал киргизилген шаарларда эми алар өтө көп болот) токтотсо, сиз ошол документтерди көрсөтүшүңүз керек болот.

Маршруттук баракча? Дагы эмнени ойлоп чыгышты?

Ооба, жашоо күн санап өзгөрүп жатат. Эми ар жолу үйдөн чыгаардан мурда атайын маршруттук баракча толтурушуңуз керек. Бланкты, мисалы, бул жерден көчүрүп алсаңыз болот.

Бирок менде принтер жок да!

Бул маселе маршруттук баракчаларды толутуруу керек болоору белгилүү болгондо көптөгөндөрдү ойго салды. Бирок өкмөт 25-март күнү эртең менен аларды колго деле толтурса болоорун түшүндүрдү. Болгону кагаз бетине суроого жоопторду жазып коюу керек.

Актай кагазга так кесе эмнелерди жазыш керек?

  • Аты-жөнү.
  • Телефон номери.
  • Үйдөн чыгуунун себеби.
  • Чыгуу убактысы.
  • Кайтып келүүнүн пландалган убактысы.
  • Жашаган жердин дареги.
  • Көздөгөн пункттун дареги.

Эгер көчөгө маршруттук баракчасы жок чыксам эмне болот?

Эгер патрулга кезигип калсаңыз, анда укук коргоо орган кызматкерлери сизди, мисалы, сиз маршруттук баракчаны көрсөтүүдөн же өзүңүз тууралуу маалымат берүүдөн баш тартсаңыз, баш ийбөөчүлүк үчүн жоопкерчиликке тартышы мүмкүн. Маршруттук баракча жок болгондугу үчүн өзүнчө берене жок, бирок, милиционердин талаптарына баш ийбөө үчүн үч миң сомго чейинки өлчөмдөгү айыппул каралган.

Ал эми эгер бардык тийиштүү документтерди жаныма алып көчөдө басып бара жатсам патруль тосуп, менимче, орунсуз эле тийишип, ар кандай укугумду бузган аракеттерди кылышсачы?

Андай учурда 102 номерине чалып, өзүңүз байкагандай, укуңузду бузган кызматкердин үстүнөн арызданыңыз.

Түшүнүктүү, ал эми өз машинамда кантип жүрүшүм керек эми? Анда да маршруттук баракча салып жүрүшүм керекпи?

Өкмөт үйүңүздөн чыгып кете ала турган максаттарга чектөө киргизди, бирок жөө сейилдөө менен өздүк унаа менен жүрүүнүн ортосундагы айырманы так белгилеп өткөн жок. Тагыраагы, азык-түлүк сатып алуу үчүн машина менен барууну кааласаңыз, баары бир өздүгүңүздү тастыктаган документ менен маршруттук баракча керектелет. Бирок, адвокат Фатима Якупбаеванын айтымында, жолдо жүрүү үчүн эмнеге машинаны тандап алганыңызды кошумча түшүндүрүү да керек болушу мүмкүн.

Бул тозоктун баары эми качан бүтөт?

Азырынча өзгөчө абал режими 15-апрелге чейин киргизилген. Бирок, эгер ал убакытка чейин коронавирус пандемиясы аяктабаса, тартиптин убагы узартыла бериши мүмкүн. Ошондуктан, үйдө отурган оң.

Ооба, бул оңой эмес. Көпчүлүгүбүз киреше таппай үйдө оутруп калабыз. Жума сайын абал курчуп жатат. Бирок азырынча эч жакка чыкпай үйдө отуруудан бөлөк башка аргабыз жок.

Акырында, үйдө отуруу эпидемияны токтотууга кандай жардам берээри тууралуу гифти көрүп коюңуз:

Маанилүү окуялардан артта калбоо үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуй аласыз.


Жашообузга киргизилген жаңы эрежелерге байланыштуу дагы суроолоруңуз барбы? Аларды биздин материалдын алдына комментарийге жазыңыз. Эң маанилүүлөрүнө жооп берүүгө аракет кылабыз.