Дүйнөдөгү 7,7 миллиард адамдын 2,3 миллиардга жакыны карантиге алынды — бул калктын 30%ын түзөт.

Аталган көрсөткүч Индия 25-марттан баштап жарандарын карантинге алып, үйлөрүнөн чыгууга тыюу салгандан кийин жогорулады. Расмий статистикага ылайык, Индияда 1,3 миллиарддан ашуун адам жашайт.

Буга чейин дүйнө боюнча 900 миллиондой адам карантинге алынган болчу.

Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны 44 адамга жетти. Мындан улам өлкөдө 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал киргизилген, ал эми коронавирус аныкталган аймактарда 25-марттан өзгөчө абал режими жарыяланган.