Коронавирус менен ооруган бир бейтап жасалма дем алдырууга коштурулду — ССМ

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Касымбек Мамбетов коронавирус жуктаргандардын ичинен үч адам оор абалда экенин кабарлады.

Алардын ичинен экөөсү «туруктуу оор» абалда Ноокат аймактык ооруканасында жатышат. Ал эми Ош облустук ооруканасында болуп аткан дагы бир бейтеп кыйла оор абалда. Ал жасалма дем алдырууга коштурулган. Ал Кыргызстанда вирус аныкталган күндөн бери медиктер тарабынан жасалма дем алдыруу аппатарына коштурулган алгачкы бейтап.

Кыргызстандан коронавирус жуктуруунун 107 учуру аныкталган. Вируска чалдыккандар Талас облусунда гана каттала элек.

Бийлик алгачкы коронавирус жуктуруу учурлары тууралуу 18-мартта билдирген. Анда умрадан кайтып келген эркек кишилерден алынган анализдер таза эмес болуп чыккан. Андан кийин коранавирус башка да айрым умрачылардын жана алардын айланасындагы адамдардын, анын ичинде балдардан аныкталган.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, жаңы жуктуруу учурлары эми сырттан алып келинген деп эсептелбейт, эми адамдар өлкө ичинде бири-бирине жугузуп жатышат.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.