Коронавирус пандемиясы учурунда ар кайсы өлкөлөрдүн атактуу музыканттары күйөрмандарын колдогонго аракет кылып жатышат. Кээ бирөөлөрү (мисалы, Жаред Лето) түз трансляция жүргүзүп, күйөрмандарына видеобайланыш аркылуу чалып, карантин тууралуу суроолорду берип, анын маанилүүлүгү тууралуу маек куруп жатышса, башкалары карантинде отуруп, өз күйөрмандары үчүн чакан концерт өткөрүшүүдө.

Мисалы, эң таанымал кыргыз ырчысы Мирбек Атабековдун кошуналары үчүн концерт коюп берип жатканда тартылган видеосу.

Айрымдар үйүндө карантинде жатып толук кандуу клип тартууга да үлгүрүшүүдө. Мисалы, Орусиянын «Звери» рок-тобу жана Американын поп-музыка жанрынын легендасы Backstreet Boys тобу.

Кээ бир жылдыздар өз ырларын музыкалык аспаптардын коштоосу жок ырдап жатышат. Мисалы, дүйнө жүзүнө атагы чыккан британиялык ырчы Сэм Смит.

Кээ бир музыканттар өз бөлмөсүндө же студиясында отуруп эле толук кандуу концерттерди жаздырышууда. Бул концерттер кээде бир сааттан ашык убакытка созулуп кетет, андыктан аны Youtubeдан көрсө болот. Мисалы, орусиялык музыкант Леонид Агутин, «Мумий-Тролль» рок-тобу жана солист Крис Мартин (ал алгач инстаграмда түз эфирде жарым сааттык концерт коюп берген) баш болгон британиялык Coldplay тобу.