Коронавирустун пандемясынан улам көптөгөн мамлекеттер чек араларын жаап, аба транспортторунун ишин токтотушкан. Мындан улам миңдеген адамдар мекенине кайта албай жатышат — алардын каттамдары жокко чыгарылган же белгисиз убакытка кечиктирилген.
Аэропорттон чыга албай калгандарын арасында кыргыздар да бар. Кыргызстандын ТИМи 29-мартка карата 45 өлкөдөн 3800 чукул кыргызстандык мекенине кайткысы келип атканын кабарлады.
Биз мекендештерибиздин Кыргызстанга кайтууга жасаган аракеттери учурунда туш болушкан көйгөлөрү тууралуу бир нече окуяны чогулттук.
Новосибирск
Элвира Турдалиева жана дагы беш кыргызстандык 26-марттан бери Орусиянын Новосибирск шаарынын аэропортунда транзиттик аймакта кармалышууда. Алардын Ханой (Вьетнам) — Новосибирск — Бишкек маршруту боюнча каттамын аягына чыгаруу мүмкүн болбой калган.
Элвиранын айтымында, ал Бишкекке 27-мартта учмак, бирок рейс токтотулуп калган.
«Күн сайын биздин маморгандар менен байланышууга аракет кылып жатабыз. Мээримбек Апышев (Кыргызстандын Новосибирсктеги башкы консулу. ред.) менен байланыштамын, өзүм да ТИМге жазгам, бардыгы тең маселе чечилип жатат, күтө тургула, чыдагыла деп эле кайталап атышат», — деп айтып берди ал.
Консулдук, авиакомпания жана Новосибирсктеги кыргыз диаспорасындагы ыктыярчылар аэропорттон чыга албай калган кыргызстандыктарды маал-маалы менен тамак-аш жана суу менен камсыздап жатышат. Ушул эле ыктыярчылар аэропорттун күтүү залында жаткан адамдарга да жардам беришет.
«Транзиттик аймакта өзүнчө отургандардан алтообузбуз. Биринчи кабатта да адамдар бар, алардын так санын билбейм, жалпы 203 жүргүнчү, алар да Новосибирсктен [учуп кетиши керек болчу]. Түшүнгөнүмчө, алар күтүү залында. Алар каттоодон өтүшкөн, бирок каттамды токтотуп коюшкан», — деп түшүндүрөт ал.
Анын айтуусу боюнча, адамдар дагы деле учак күтүп жатышат — алардын бараар жери жок, анткени көбү ижара алган батирлеринен чыгып алышкан же ижарага берип коюшкан. Элвиранын айтымында, консулдуктун өкүлдөрү аэропорттон чыга албай калгандарды бир нече жолу таркатууга аракет кылышкан.
«Боюнда бар аялдар менен кары адамдарды отелге жайгаштырышкандай, бирок биз аларды көргөн эмеспиз, өзүбүз бүт баарынан обочого алынганбыз», — деп айтты Элвира.
Кыргызстандын Акыйкатчысынын сайтында 30-мартта аэропортто Новосибирск — Бишкек каттамынын 100 ашуун жүргүнчүсү бар экени тууралуу билдирүү чыккан. Ал жерде Новосибирсктеги кыргыз диаспорасы менен Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги чыга албай калган жүргүнчүлөр үчүн күнүнө эки жолу тамактандыруу уюштурулганы айтылган.
Бул тууралуу акыйкатчынын аппаратына башкы консул Мээримбек Апышов, «Толмачево» аэропортунун администрациясы, ошондой эле, ведомствонун билдирүүсү боюнча рейстин жүргүнчүлөрү өздөрү айтып беришкен.
Жүргүнчүлөрдү таркатуу аракети болгонун Апышев мойнуна алган жок. Анын айтымында, «мындай талап аэропорттун өкүлдөрүнөн да, Орусиянын полиция кызматкерлеринен да болгон эмес».
«Ал эми кыргызстандыктардын Новосибирск шаарынан Бишкекке учуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маселеге келсек, бул маселе азырынча чечиле элек, маселе каралуу стадиясында турат», — деп айтылат билдирүүдө.
Түркия
Гүлзад Козубекова Анталиядагы отелде иштеген. 15-мартта бардык отелдер карантинге жабылгандан кийин ал Кыргызстанга кайтууну чечкен, бирок шаардан чыгалбай калган.
Ал учурда Кыргызстандын ТИМи 25-мартта Түркиядан уча турган чартердик рейс уюштурган, бирок ал рейс менен акыркы токтотулган рейске билеттери бар болгондор гана учуп келишкен — алар 330 доллар кошумча төлөөгө аргасыз болушкан.
Гүлзадга маяна кечирээк берилгендиктен, анда акча жок болуп калып, ал ошол рейс менен учуп кете албай калган.
Анын айтымында, Анталияда мындай маселеге тушуккан кыргызстандыктар көп. Учурда алар соцтармактар аркылуу Кыргызстанга кайткылары келип аткандардын тизмесин түзүп жатышат.
«Ошондон бери ТИМ менен байланыштамын, алар иш каралып аткандыгын, бирок күтүш керектигин жазышууда», — дейт ал.
ТИМден 25-мартта Анталья — Бишкек маршруту боюнча акыркы чартердик каттам уюштурулганын жана ал жактан 197 кыргыз жараны алынып келингенин тастыкташууда. Бирок бийлик кыргызстандыктарды кайтаруу үчүн качан дагы башка каттамдарды уюштураары азырынча белгисиз.
«Кыргызстандын дипломаттары тарабынан чет өлкөдө жүргөн биздин жарандарга мүмкүн болушунча жана керектүү жардам күнү-түнү көрсөтүлүп жатат, кырдаалга үлгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлүп жатат, маалыматты чогултуу жана жалпылоо жүргүзүлүп, жарандардын тизмеси түзүлүп жана актуалдаштырылып жатат», — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.
Гоа
Дүйнө жүзү боюнча авиакаттамдар менен маселе болуп жатканына карабастан, биздин бир окурманыбыз Гоадан Кыргызстанга учуп келүүгө үлгүргөн.
Ал киши айтып бергендей, ал 24-мартта Гоа — Москва — Бишкек каттамы боюнча учуп кетмек, бирок рейсти токтотуп, акчасын кайтарып беришкен эмес. Кийинчерээк Индиянын аба мейкиндиги 22-марттан тарта жабык экени белгилүү болгон. Билеттин баалары башында 30 миң сомго чейин өсүп, андан кийин такыр эле сатылбай калган.
Анын айтымында, ушундай жагдайга туш болгондордун баарына билет менен Кыргызстандын Индиядагы консулу жардам берген — «ал чын эле аябагандай чоң жумуш жасаган, ал болбогондо рейске билет сатып алуу мүмкүн болмок эмес». 22-мартта Индиядан акыркы чукул рейс болгон.
Ал учуп келгенден кийин мурдагы «Ганси» америкалык авиабазасынын аймагындагы карантиндик аймакка жаткырылган. Үч сутка өткөндөн кийин андан коронавирустун анализинин жыйынтыктары алынгандан кийин коё беришкен.