Урматтуу окурмандар, биз буга чейин ушул материалда турган сүрөттү өчүрдүк. Ал сүрөттү фотосүрөтчү Вячеслав Оселедко тарткан. Биз анын сүрөтүн уруксатсыз колдонуп, автордук укуктарды бузганыбыз үчүн кечирим сурайбыз. 

Кыргызстанга өзгөчө абал тартибин киргизүү менен мамлекет жарандардын эркиндиги менен укугун чектөө боюнча ыйгарым укуктарын кескин көбөйттү. Бул пандаемиядан коргоо үчүн кылынууда, бирок иш жүзүндө бул бийлик өкүлдөрү тарабынан болгон укук бузууларга алып келиши мүмкүн.

Эгер бийлик ӨА учурунда укугумду бузду деп эсептесеңиз, төмөнкү форманы толтуруңуз.

Биз чектен чыккан учурлар тууралуу айтып беребиз. Биз бул сиздин маселеңизди чечээрине кепилдик бербейбиз, бирок бул жок дегенде ага көңүл бурдура алышы мүмкүн.

Ошондой эле, өзгөчө абал учурунда укукту кантип коргош керектиги тууралуу макалабызды окуңуз.