Кыргызстандын борбор калаасы Бишкектен кийинки эле чоң шаар болуп Ош саналат. Анда расмий маалымат боюнча 300 миңге жакын адам жашайт. Бирок факт жүзүндө калктын саны алда канча көп. Демейде көчөлөрү тургундарга толгон экинчи калаа азыр ээнсиреп турат.

Жолдорунда дайыма унаа тыгыны болуп турган шаарда кыймыл азайып, жашоо жайлады. Мындай кырдаал 25-мартта өлкөдөгү айрым аймактарда анын ичинде Ош шаарында киргизилген өзгөчө абал режиминен кийин жаралды.

Республикалык штабдан 2-апрелге карата Ош облусунда 41 адам коронавирус жуктурганын кабарлашкан. Өпкөнү козгогон илдет Ош шаарында, Өзгөн, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда катталды. Үч район тең шаарына жакын жайгашкан. Буга байланыштуу аймакта санитардык-коопсуздук чаралары күчөтүлүп, тургундардын жана унаалардын кыймылында чектөө киргизилди.

Ош шаарында жашоочулар бир гана азык-түлүк дүкөнүнө, дарыканага жана ооруканага бара алышат. Банк же банкомантка барууну каалагандар блок-посттордон кыйынчылык менен өтүшүүдө. 31-марттан тарта коопсуздук чаралары күчөтүлүп, жеке унаа менен жүрүүгө да чектөө коюлду. Тартип сакчылар тургундарга жөө жүрүүнү сунуш кылышууда.

Шаардагы дээрлик бардык ишканалар 20-марттан кийин эле жабылып ишин токтоткон. Анын ичинде тамактануучу жайлар, ири базарлар, ири оюн зоок түйүндөрү, самсаканалар, сейил бактар жана «Сулайман-Тоо» музей комплекси бар.

Эми калаадагы тургундардын баарын бир гана беткапчан көрүүгө болот. Ошондой эле банкта же айрым мамлекеттик ишканаларда күзөтчүлөр бир нече метр аралык сактоо менен кезекке турууну буйруп жатышат. Айрыкча банктарда узун кезек жаралууда.

Коронавирус жуктурган алгачкы адамдар аныкталгандан кийин эле Ошто азык-түзүккө, айрыкча унга суроо талап күчөп тургундар кабы менен сатып алып коюшкан. Ошол учурда унга болгон баа өскөнү байкалган, бирок бийлик баалар көзөмөлдө болоорун билдирген. Ошого карабастан шаар тургундары унга, майга жана этке болгон баа өскөнүн айтып келишет.