Президент Сооронбай Жээнбеков 3-апрелде Жазык кодексине, Жоруктар жөнүндө кодексине жана Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамына кол койду.

Ага ылайык, карантиндик жана санитардык эрежелерди бузган, азык-түлүк жана дары-дармектердин баасын жогорулаткан, коменданттык саат тартибин бузган жарандарга коомдук жумуштар, айыппул жадагалса эркиндикти чектөө чаралары колдонулат.

Мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү демилгесин Жогорку кеңештин депутаттары Абдыбек Дюшалиев, Искендер Матраимов, Бакирдин Субанбеков жана Жаныбек Бакчиев көтөргөн. Ал эми 1-апрелде депутаттар экинчи жана үчүнчү окууда мыйзам долбоорун колдогон.

Жазык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр

Мыйзамдын «Кыргыз Республикасынын жаранынын чет өлкөлүк мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук даярдыктан өтүүсү» беренесинин (243-берене) жазасы экинчи категориядан үчүнчү катергорияга өзгөртүлдү. Бул деген жашы жете электер 2,5 жылдын ордуна 4 жылга чейин эркинен ажырап калышы мүмкүндүгүн билдирет. Ал эми жашы жеткендер 2,5 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөттүн ордуна беш жылдан 7,5 жылга чейин эркинен ажырап калышы ыктымал.

Кээ бир депутаттар бул өзгөртүү коронавируска кандай тиешеси бар деген суроолорду койгон. Бирок ага карабастан мыйзамга өзгөртүү киргизилди.

Ошондой эле мыйзамдын «Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу» беренисинде (280-берене) санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуп, этиятсыздыктан массалык дартка чалдыгуу жараткан жарандар 260 миңден 300 миңге чейин айыппул төлөөгө же белгилүү бир кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратуу менен 2,5дан 5 жылга чейин абак жазасына кесилиши мүмкүн. Ал эми жашы жете электер аталган берене боюнча соттолуп калса 120 миңден 140 миңге чейин айыппул төлөп же 1,5 жылдан 2,5 жылга чейин эркинен ажырап калуу мүмкүнчүлүгү бар.

Ошондой эле бул беренеге өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал тууралуу экинчи пункт кошулду. Ага ылайык, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерин бузуп, массалык оору жуктуруу же жууктуруу коркунучун жараткан жарандар эркиндигинен ажыратуу сыяктуу жазага тартылышы ыктымал. Бул деген жашы жете электер 1,5 жылдан 2,5 жылга чейин, жашы жеткендер 2,5дан 5 жылга чейинки мөөнөткө камалышы мүмкүн.

Жоруктар жөнүндө кодексине киргизилген өзгөртүүлөр

Бул мыйзамга өзгөчө кырдаалды, өзгөчө абалды же согуш абалын, ошондой карантинди бузгандар үчүн жоопкерчилик кошулду.

Өзгөчө кырдаалдын эрежелерин бузгандарга айыппул, коомдук жумуш же эркиндикти чектөө чаралары колдонот.

*Эркиндикти чектөө жорук жасоого күнөөлүү деп таанылган адамга карата сот тарабынан анын эркиндигин чектеген белгилүү бир милдеттерди жүктөөдө турат жана бул жаза адамды коомдон бөлбөстөн, анын жашаган жери боюнча, пробация органынын көзөмөлүндө өтөлөт.

Бул мыйзамды бузган жашы жете электерге 5 миңден 15 миңге чейин айыппул, 20дан 30 саатка чейинки коомдук жумуш же эки айдан үч айга чейин эркиндигин чектөө чаралары көрсөтүлгөн. Жашы жеткендерге болсо 20 миңден 30 миңге чейинки айыппул, 30дан 40 саатка чейинки коомдук жумуш же үч айдан алты айга чейин эркиндигин чектөө чаралары көрсөтүлгөн.

Ошол эле чаралар өзгөчө абал эрежелерин (коменданттык сааттан тышкары) бузгандарга да каралган.

Өзгөчө абалдын эрежелерин сактабаган жашы жете электерге 15 миңден 25 миңге чейин айыппул, 30 сааттан 40 саатка чейинки коомдук жумуш же үч айдан алты айга чейин эркиндикти чектөө чаралары колдонушу мүмкүн. Жашы жеткен жарандарга 30 миңден 60 миңге чейин айыппул, 40 сааттан 60 саатка чейинки коомдук жумуш же алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндикти чектөө чаралары каралган.

Өзгөчө кырдаал учурундагы карантинди бузгандарга 20 миңден 30 миңге чейин, ал эми жашы жете электерге 5 миңден 15 миңге чейин айыппул салынышы мүмкүн.

Өзгөчө же согуш абал учурундагы карантинди бузгандарга адатынча каттуураак чаралар көрсөтүлгөн. Жашы жете электерге 15 миңден 25 миңге чейин, жашы жеткендерге 30 миңден 60 миңге чейин айыппул салынат.

Бузуулар жөнүндө кодексине киргизилген өзгөртүүлөр

Бузуулар жөнүндө кодексине дары-дармектердин баасын негизсиз кымбаттатуу, коменданттык саат тартибин сактабоо, өзгөчө абал режим учурунда тартипти бузуу жана бааларды кымбаттатуу жөнүндө беренелер кошулду.

Дары-дармектерди негизсиз кымбат баада саткан жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң айыппул салынат.

Коменданттык саат тартибин сактабаган жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айыппул каралган.

Өзгөчө абал режим учурунда тартипти бузган (мисалы жалган маалымат тараткандар) жеке жактарга 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айыппул салынат.

Товарларга бааны көтөргөн жеке жактарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сом айыппул каралган. Ал эми өзгөчө абал учурунда мамлекет жөнгө салган азык-түлүктөрдүн баасын кымбаттаткан жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом айыппул салынат.