Бишкектин коменданты менен мэри бүгүн маанилүү эмнелер тууралуу айтышты?

Бишкекте 7-апрелде комендант Алмазбек Орозалиев жана калаа мэри Азиз Суракматовдун катышуусунда басма сөз жыйыны өттү. «Клооп» калаа бийлиги жыйында токтолгон негизги суроолордун жоопторун топтоту.

  • Каратиндик аймак дайыма кеңейип жатат. Бул аймактарда көчөлөр менен имараттардын бардыгы дароо дезинфекцияланып жатат. Бүгүнкү күндө карантиндик аймактар төмөнкү көчөлөр менен чектелет: Түштүк магистралы, Садырбаев, Некрасов, Лев Толстой, Жаш гвардия бульвары, ЧЧК жана 7-апрель көчөлөрү.
  • Аламүдүн, Ош жана Орто-Сай базарлары карантин аймагына кирбейт.
  • Шаарда кылмыштар менен жол кырсыктарынын саны кескин азайды. «Көчөлөр менен коомдук жайларда жасалган кылмыштар жокко эсе», — деп билдирди комендант.
  • Бишкекте өткөрмө барактарын жасалмалоонун 30 факты катталды. Өткөрмө баракта автоунаанын номери, айдоочунун аты-жөнү жазылуу болушу керек. Кагазды өткөрмө барактын бетине чаптап, башка машинага чаптап коюп алышкан факттар бар.

Коронавирус тууралуу

Борбор калаада инфекция жуктуруп алгандардын саны өсүп жатат, балким ал өзүнүн чокусуна жакындап келе жатат. Учурда Бишкекте COVID-19 жуктуруп алган 25 адам катталды. Эксперттердин талдоосу боюнча, бир аз убакыттан кийин байланышта болгон ооруга чалдыккан адамдардын саны төмөндөйт, бирок ал үчүн толук бойдон обочодо болуу, байланышууну жоюу жана карантиндин сакталышы шарт.

Бишкекте 1756 адам каттоого тургузулду. Баарынан алгачкы анализ алынган жана алар обсервацияда же үй карантининде. Инкубациялык мезгил бүткөндөн кийин анализдеринин жыйынтыктары терс чыкса, алар байкоодон алынат. Бишкекте жалпысынан 1359 адам байкоодон алынган.

Күндүр-түндүр кезмет жүргүзүүнү камсыздоо үчүн 32 санитардык карантиндик постто 132 медкызматкер иштеп жатат.

Шаар тургундары 118 ыкчам номерине чалып медициналык жардамды тез алышса болот. Муктаждык болсо экспресс тест алуу үчүн врачтар, эпидемиологдор жана лаборанттар келишет.

Азык-түлүк жардамы тууралуу

Баалар жасалма жолу менен өсүп кетпеши үчүн күн сайын азык-түлүктөрдүн бааларына жана социалдык маанилүү азыктардын камына мониторинг жүргүзүлүп жатат. Товарлардын кээ бир түрлөрүнө болгон баалар объективдүү өскөн, бул доллардын кунунун өсүшүнө, оор логистикага жана жеткирип берүүчүлөр чет өлкөлүк өндүрүүчүлөрдүн товарларына бааларды жогорулаткандыгына байланыштуу.

Жергиликтүү бюджеттен 15 миң үй-бүлөгө азык-түлүк топтомун берүү үчүн каражат бөлүү пландалып жатат: ун, макарон, өсүмдүк майы, кум шекер жана күрүч.

Мындан тышкары, Бишкекке аз камсыз жана көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн алты миң мүшөк ун бөлүндү. Ундун 70% чукулу муктаждарга жеткирилди.

Шаардын бизнесмендери 20 миңге чукул азык-түлүк топтомун чогултушту. Шаардыктардын 15 миңине арабиялык кайрымдуулук фонддор жардам берет. Суракматовдун айтымында, алты миңден ашуун үй-бүлө жардам алды.