Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 228 адамга жетти

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 7-апрелде саат эртең мененки 9дагы брифингде Кыргызстанда коронавирустун жаңы 12 учуру катталганын маалымдады. Алардын жетөөчү медкызматкерлер, ошондой эле жаңы оору жуктуруулардын баары Ош облусунда аныкталды.

«Алардын ичинен үчөө эркек жана тогузу аял. Анын баары Ош облусунда обсервацияда жайгашкан болчу. [...] Ошол 12 кишиден жетөөсү медициналык кызматкерлер. Алардын ичинен бир дарыгер 3 медайым Ноокат аймактык ооруканадан жана бир врач 2 медайым Ош облусттук оорканадан», — деди Абдикаримов.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 228ге жетти — 19у медкызматкер. Өпкөнү сездеткен оорудан 23 адам айыгып, төртөө каза тапты.

Ал эми обсервацияда 201 адам жатат, анын ону оор абалда болууда.

Өпкө илдетинин 25и Бишкекте, 106ы Ош облусунда, төртөө Баткен облусунда, 80 адам Жалал-Абад облусунда, бешөө Чүй облусунда, үчөө Ысык-Көл облусунда, бешөө Нарын облусунда катталды.