Саламаттык сактоо министри өлкөдөгү абал боюнча маанилүү эмнелерди айтып берди?

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов. Сүрөт: Өкмөттүн штабы

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өлкөдөгү коронавируска байланыштуу кырдаал тууралуу айтып берди. «Клооп» анын айткандарынан эң маанилүүлөрүн иргеп алды.

Коронавирус жуктургандар тууралуу

7-апрелге карата өлкөдө коронавирус жуктуруунун 12 жаңы учуру катталды. Жалпысынан COVID-19 жуктургандардын саны 228 адамга жетти.

Статистикада 19 дарыгер да бар. Бийлик аларга кун төлөп берүү боюнча маселесинин үстүндө иштеп жатат. Бирок алгач алар медиктер кантип жуктуруп алганын аныкташ үчүн иликтөө өткөрүшөт. Алар эрежени сактап иштешкен эмес деген божомолдор бар.

«Баарынын атайын кийими бирдей. Анын сапатына шек жок. Биз медиктерди карап чыгабыз. Балким алар бардык инструкцияны сакташкан эмес», — деди Сабиржан Абдикаримов.

Пандемия башталган учурдан бери коронавирус аныкталган 4 адам каза тапты.

Ооруканадан чыгарылгандар тууралуу

Абдикаримов 23 адам айыкканын, бирок ооруканадан чыгарылгандан кийин алар эч ким менен карым-катнашка барбашы үчүн үй шартындагы обсервацияга жөнөтүлөөрүн же обочого алынаарын кабарлады.

«Алар ооруканадан чыккандан кийин биз аларды дагы 14 күнгө обочого алабыз. Эгер алар үйгө барышса, реинфекция болушу мүмкүн, тагыраагы дагы жуктуруу. Алтүгүл Жалал-Абаддагы санаторийде бир коттедж ижарага алынган, ооруканадан чыккандар дагы 14 күн ал жакта болушу үчүн», — деди ал.

Эмне үчүн Талас облусунда коронавирус жуктургандар аныкталбаганы тууралуу

Саламаттык сактоо министринин айтымында, Талас облусу үчүн өзүнчө тест жүргүзүлгөн эмес. Анализдер өлкөгө чет мамлекеттерден учуп келген таластыктардан гана алынган.

Медкызматкерлер үчүн коргоо жана коргоонуу каражаттарынын мыйзамсыз сатылышы тууралуу

Саламаттык сактоо министринин айтымында, медиктер үчүн жеке коргонуу каражаттары жетиштүү, анткени бийлик аларды сатып алуу үчүн 30 млн сом бөлүп берген.

Биринчи кезекте, жеке коргонуу каражаттары жуктуруп алган адамдар менен түз байланышка барган медпорсаналга берилет.

«Күн мурунтан үчүнчү балдар ооруканасында беткаптар сатылып атат деген маалымат болгон. Аталган факт тийиштүү органдарга берилди. Алар иликтөө жүргүзүп жатышат. Эгер тастыкталса катаал чаралар көрүлөт. Сатуу болбошу керек. Бүткүл түндүк облусунан медиктер келип, бардык керектүү каражаттарды алып кетишсе болот», — деди ал.

Кандын тоңдурулган сынамдары тууралуу

Саламаттык сактоо министринин башчысы билдиргендей, лабораториялар мурда кандардын тоңдурулган 8 миң сынамын тесттен өткөрүп баштады. Алар 13-марттан 16-мартка чейинки мезгилде өлкөгө келгендерден алынган. Бул сынамдар тестирлөө үчүн реагенттер жетишсиз болгондугуна байланыштуу тоңдурулган эле.

«Эгер жыйынтык оң болсо жуктургандар карым-катнашка барган адамдардын тобун издөө болот. Эки күндүн ичинде бардык консервацияланган сынамдарды текшерүү бүтүп калышы керек. Ошондуктан тогуз лаборатория үч нөөмөттө иштөө тартибине өткөрүлдү. Күнүнө 1300 ашуун анализ текшерилип жатат. Эки күндүн ичинде консервацияланган сынамдарды текшерүүнү аяктап, корутунду беребиз», — деди ал.

Буга чейин 6-апрелде Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктуруп алган дароо 69 адам аныкталганын билдирген. Кийинчерээк ведомство так ошол учурда тоңдрулган сынамдарды анализдөө башталып, ошондуктан жуктургандар көп чыкканын түшүндүргөн.

Саламаттык сактоо министринин айтымында, учурда ПЦР ыкмасы боюнча анализ кыла турган тест системалары өлкөдө жетиштүү, анткени Орусия менен Беларусь өлкөлөрү жардам көрсөтүштү.

«Алар 23,5 миң анализге жетет. Биз ушул жумада Түркиядан жалпы суммасы 350 миң АКШ долларын түзгөн 35 миң тест системаларынын келишин күтүүдөбүз. Бардык керектүү тест системалардын бар болушу лабораториялардын толук кандуу иштешине жана тоңдурулган бардык биоматериалдар боюнча жакынкы күндөр аралыгында жыйынтыктарды алууга мүмкүнчүлүк түзөт», — деди ал.

Өлкөгө киргендердин обсервациясы тууралуу

Саламаттык сактоо министрлигинин башчысынын айтымында, мурда өлкөгө киргендердин бардыгы экспресс диагностикадан өткөрүлүп, үй шартындагы обсервацияга жөнөтүлчү.

«Мындай диагностика дайыма эле так жыйынтык бербейт. Азыр биз алгоритмди өзгөрттүк, аларды мейманканага, Ганси авиабазасына жөнөтүп жатабыз, аларды анализдердин толук жыйынтыгын алмайын коё бербей жатабыз», — деп билдирди министр.

Ал мейманканадан обсервацияга жөнөтүлгөн 9 адамда коронавирус аныкталганын кабарлады. «Ак-Кемеде» — 1, Gardenде — 5 жана «Достукта» 3 адам.

«Алар менен карым-катнашта болгондорду жана жуктургандарды өзүнчө обочого алабыз», — деп түшүндүрдү аткаминер.

Кыргызстандыктар коронавирус менен кышында эле ооруп бүтүп койгон болушу ыктымалдыгы тууралуу

Абдикаримов бул суроого так ооба же жок деп жооп бере алган жок. Анын айтуусу боюнча, кышында коронавирусту аныктоочу тесттер жок болгон.

«Коронавирус алгачкы ирет декабрдын аягында Кытайда аныкталган. Биз жыл сайын оорулар чыга баштаган сезондо тийиштүү иш-чараларды жүргүзөбүз. Ноябрь жана декабрь айларындагы иш-чараларда кадимки сасык тумоо менен иштегенбиз. Демек бардык коркунуч тобундагыларды сасык тумоодон вакцинациялаганбыз. Кадимки сасык тумоону, өлкөбүздө вирустун кандай тиби жүргөнүн изилдегенбиз», — деди ал.

ӨА режимин узартуу тууралуу

Абдикаримовдун айтымында, өзгөчө абал тартибинин алынышы боюнча прогноз жасоо азырынча эрте. «Баары жакынкы сегиз күн ичинде эпидемиологиялык кырдаал кандай болооруна көз каранды. Бирок ӨАны узартуу боюнча чечимди Республикалык штаб кабыл алат», — деди ал.