Кыргызстанда коммуналдык кызматтар үч ай бою өчүрүлбөйт

Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов келе жаткан үч ай ичинде коммуналдык кызматтар өчүрүлбөй турганын билдирди.

Анын айтымында, тигил же бул төлөмдөр боюнча туумдар жана айыппулдар да кошулуп эсептелбейт.

«Ишкерлер үчүн биз салык отчётторун тапшыруу мөөнөтүн 2020-жылдын 1-июлуна чейин жылдырып койдук», — деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт мындай чараларга коронавирус пандемиясынан улам барууда. 8-апрелге карата, Кыргызстанда коронавируска чалдыккан 270 адам катталган.

Өзгөчө абал тартиби киргизилгенине байланыштуу адамдардын жашоо-турмушун камсыздоо үчүн маанилүү иш алып барбаган бардык ишкана жана компаниялар жабылган.

Бүгүнкү күндө дүкөндөр, дарыканалар, азык-түлүк өндүргөн мекемелер жана азыктар менен медикаменттерди жеткирип берүүчүлөр гана иштеп жатат. Мекемелердин жабылышы көптөгөн адамдардын жумуштарынан ажырашына жана кирешесиз калышына алып келген.

Өкмөт муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк топтомун таркатып жатат.