2015-жылы күзүндө эки альпинист Сергей Селиверстов менен Алексей Усатых батирде ар нерсени сүйлөшүп отурушкан. Алардын артында көптөгөн сыйлыктар менен эс тандырган экспедициялар арбын. Мисалы, Ак илбирс — бул наам жайкы мезгилде Борбор Азиянын жети миң метр бийиктиктеги чокусун багындыргандыгы үчүн берилет. Бул титулдун артынан Кыргызстанга келген чет элдиктер көп. Бул сыйлыкты ал негизделгенден бери 650 чукул адам алган.

Селиверстов менен Усатых достору сыяктуу эле ак илбирстер. Алар аталган мөңгүлөргө эмне үчүн кышкысын барып көрсө болбос деп ойлонушат. Альпинизмдин тарыхында Кышкы ак илбирс болгусу келгендер чекеден чыгып турган. Бирок бул бирөөсүнүн да колунан келген эмес — тоолор жайкысын да кооптуу, ал эми кышкысын болсо кандай экени айтпасаң да белгилүү.

Бирок Селиверстов менен Усатыхты ойлоруна келген идея жанын койбой, алар команда чогултуп жети миң метр бийиктиктеги беш чокуну багындырууга жол тартышат. Бул мини тасма альпинисттердин көксөп жүргөн Кышкы ак илбирс наамын алууга карай жолдо кандай кыйынчылыктарга туш болушканын айтып берет.