Баткен облусунда 609 адам обсервациядан үй карантинине чыгарылды

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штаб Баткен облусунда 609 адам обсервациядан үй карантинине чыгарылганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, аларга үй карантинин эрежелери түшүндүрүлгөн. Мындан тышкары, обсервациядан чыгарылгандарды тийиштүү кызматтар текшерип турушат.

«Учурда обсерватордо 337 жаран, ал эми изолятордо 82 жаран бар. Алар үчүн ӨКМдин облустук башкармалыгы жана Улуттук Кызыл ай коому тарабынан керектүү шарттар түзүлүп, ысык тамак берилүүдө», — деп билдирди Штаб.

Обсервация — бул инфекциялык оору жуктуруп алууга шектелип аткан адамдардын же оору жуктургандар менен карым-катнашта болгондордун үстүнөн медициналык кароо. Обсервация инфекциялык оорулар жайылып кетпеши үчүн колдонулат.

Жалпысынан 9-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 280 адамга жетип, 10 адам оор абалда болууда. Жуктуруунун жаңы эки учуру медиктерде аныкталып, вирусту жуктурган медкызматкерлердин саны 34 адамга жетти.