Мария Заворотняя өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго видеокайрылуу жасады. Анда ал Сооронбай Жээнбековдон үй-бүлөсүн Кыргызстандагы «таасирдүү адамдын» коркутууларынан коргоону суранган. Жолдошу мурунку бажы кызматкери Эмилбек Кимсанов эки жыл мурдагы кылымыш иши үчүн кармалган. Буга чейин иниси Кимсановдорду Матраимовдор коркутуп, агасын жана анын жубайын сабап кеткендигин кабарлаган. Мында Заворотняя тууралуу сөз болгондугу айкын.

Жубайынын кайрылуусу

Бажы кызматынын мурунку кызматкери Эмил Кимсановдун жубайы Мария Заворотняя президент Сооронбай Жээнбековдон жардам сурады. Анын видеокайрылуусун «Клооптун» редакциясына Кимсановдун досу жөнөткөн. Заворотняя жолдошунун Кыргызстандагы «таасирдүү адам менен болгон чатагынын» айынан үй-бүлөсүнө коркутуулар түшкөнүн айткан.

«Саламатсызбы, Сооронбай Шарипович! Мен Заворотняя Мария Михайловна, Кимсанов Эмилбек Жанибековичтин жубайы, өлкөдө башаламандык жүрүп жаткандыгы үчүн сизден жардам сурайм», — дейт видеотасмада аял. Ал анын жолдошун эки жыл мурунку иши боюнча «таасирдүү адамдын» буюртмасы менен кармашканын айтат.

Эмилбек Кимсанов үй-бүлөсү менен. Сүрөт: Кимсановдун фейсбук баракчасынан алынды

«Эмилбек Жанибекович эки жыл мурунку кылымыш иш боюнча кармалды. Арыз ээси Автандил Конгантиев анын сабалуусуна Эмилдин катыштыгы жок деп көрсөтмө бергендиктен бул иш токтотулган. Эми ал эки жылдан соң белгилүү адамдардын буйругу менен башка көрсөтмө берип жатат. Конгантиевдин бажы кызматында иштегендиги кошумча болууда», — дейт аял.

Заворотняя анын үй-бүлөсүн «таасирдүү адам» милиция жана спортсмендер аркылуу коркутуп жаткандыгын айтат.

«Алар мени, жолдошумду жана балдарымды өлүм менен коркутушкан. Алар менин орус улутунда экенимди бир нече жолу айтып кемсинтишкен. Ушуга байланыштуу жолдошум биздин жаныбыздын амандыгынан кооптонуп чет өлкөгө жиберген», — ушул жерден анын видеокайрылуусу үзүлөт.

Инисинин кайрылуусу

Заворотняя «таасирдүү адамдын атын атаган эмес», бирок алардын үй-бүлөсүнө коркутуулар түшүп жатканын буга чейин Кимсановдун иниси Эмирбек да айткан. 14-февралда Эмирбек Кимсанов видеокайрылуу жасап, үй-бүлөсүнө Матраимовдордун кланы тарабынан коркутуулар түшүп жатканын билдирген.

Матраимовдордун үй-бүлөсү Кыргызстанда эң бир таасирдүү — анда депутат Искендер Матраимов жана бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бар. Райымбек Матраимов бажыдагы аткезчилик жана коррупция, Кыргызстандан 700 млн доллардан ашуун каражаттын чыгарылышы тууралуу иликтөөнүн фигуранты.

Эмирбек Кимсанов анын агасы Райымбек Матраимовдун басымынан улам өлкөдөн чыгып кеткенин айткан. Анын айтымында, Кимсанов 2018-жылы эле «Матраимовдун коррупциялык схемасына катышпоо үчүн» «өз каалосу менен» кызматынан кеткен.

Бирок январда Матраимов ага башка кызмат сунуштаган, Эмилбек баш тартканда аны жана аялын сабап кетишкен дейт.

«Матраимовдор Кыргызстандын мыйзамын кандайдыр бир жолдор менен сатып алганбы же Матраимовдорго мыйзам иштебейби, Кыргызстанды өзү каалагандай калчап, өзбилемдикке салып, мыйзамды өзү каалагандай жазып алган сыяктуу [...] Бир тууган байкем “Райымдын коррупциялык иштерине аралашпайм” деп баш тарткандан кийин Матраимовдордун үй-бүлөсү тарабынан ар кандай кысымдар, коркутуулар болуп жатат. Райым “Мага иштебесең сени каматам же өлтүрөм” деген коркутуулар болуп жатат. [...] Ошого байланыштуу байкем аргасыздан сырт жакта жүрөт», — деп билдирген ал.

Эмирбектин кайрылуусунан кийин Ош облустук ички иштер башкармалыгынан «Бейбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарлашкан.

Буга чейин болсо Матраимовдордун кланына карата спортчу Төлөгөн Рахманберди уулу даттанган. Анын кайрылуусун Эмилбек Кимсанов фейсбуктагы баракчасына чыгарган.

Ал эми депутат Искендер Матраимов — Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы — алардын үй-бүлөсүнө каршы криминалды колдонуу аракети болуп жатканын билдирип, жогорудагы кайрылууларды каралоо катары баалаган.

Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов

Кимсановду кармоо

15-февралда ИИМ Эмилбек Кимсанов жана Рахманберди уулу бажы кызматкери Автандил Конгантиевди сабоо тууралуу эки жыл мурунку кылымыш иш боюнча издөөдө экендигин маалымдады. 20-февралда Кимсанов кармалып, аны Орусиядан Кыргызстанга алып келишкени белгилүү болду. Ошентсе да башкы прокуратура Кимсановдун экстрадациясы боюнча маалыматы жоктугун айткан.

Мария Зоворотняянын видеокайрылуусу менен бирге «Клоопко» Кимсановдун Санкт-Петербургда кармалышы боюнча эки видеотасма келди. Тасмада Кимсанов Кыргызстандан кетип жатканда издөөдө экендиги тууралуу ага эскертилген эместигин айтат. Ошондой эле ал анын иши токтотулганын билдирген.

«Кимсанов Эмилбек Жаныбекович, федералдык издөө. Баш коргоо чарасы камакка алуу, Кылымыш кодексинин 234-беренсинин үчүнчү бөлүмү, бирок меники биринчи бөлүм болчу», — деп камерага документин окуп берген Кимсанов.

Мурдараак Эмил Кимсановдун жактоочусу Назгүл Сүйүмбаева Kaktus.media басылмасына анын иши жабылган болчу деп интервью берген. Ошентсе да 2020-жылдын 15-февралында Кимсановго сырттан күнөө коюлуп, камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган.

Сүйүмбаеванын айтымында, анын кардары издөө жарыялангандан беш күн өткөн соң кармалып жана бир күн ичинде Бишкекке алынып келинген.

«22-февралда сот аны үй камагына чыгарган, 17-мартта тергөөчүнүн уруксаты менен Ош шаарына жөнөйт. Ушул убакта белгисиз себептер менен тергөөчү алмаштырылат. Кимсановду күч менен ИИМге алып келип, камакка алуу суранычын беришет. Ал соттун чечимин бузду деп айтышат», — дейт ал.

2020-жылдын 31-мартында мурунку бажы кызматкери Бишкек шаарындагы ТИЗО-1ге камакка алынган. Сотто жактоочунун Кимсанов эч нерсе бузган жок деген сөздөрү эске алынган эмес. Эми Сүйүмбаева ТИЗОнун башчысына анын кардарын коргоону камсыздоо үчүн арыз жазганы жатат. Анткени ал Кимсановдун жашоосуна терс маанайды карманган камактагылар тарабынан коркутуулар болушу мүмкүн деп эсептейт.