Саламаттык сактоо министринин орун басары ден соолугуна байланыштуу кызматынан кетти

Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков өз каалоосу боюнча ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу ал «АКИпресс» басылмасына билдирди.

Басылма Исаков артериалдык кан басымы жогору болуп аткандыктан бир жумадан ашык жумушка чыкпай жатканын жазган.

«Арыз жазгам, кечээ премьер-министр ага кол койду. Мындан ары мага сунуш кылышкан бардык кызматтарда иштөөгө жана тажрыйбамды бөлүшүүгө даярмын», — деди Исаков.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков кызматка 2020-жылдын 29-январында дайындалган. Буга чейин ал Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Мамсанэпидемкөзөмөл жана оорулардын алдын алуу департаментинин жетекчилик кызматын аркалаган.

Буга чейин президент саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди кызматтан бошоткон. Ага чейни өлкө башчысы ведомствонун коронавируска каршы күрөшүү ишин сынга алган эле. Бул кызматка Сабиржан Абдикаримов дайындалган.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.