«Адилет» укуктук клиникасы медиктерге байланыштуу сунуштар менен президентке кайрылды

«Адилет» укук коргоо уюму 9-апрелде президент Сооронбай Жээнбековго билдирүү менен кайрылып, анда мамлекеттин медкызматкерлерге болгон мамилесин «кылмыштуу жана чыккынчылык» деп атады. «Адилет» уюму билдиргендей, медкызматкерлер вирустун жайылышына каршы күрөшүүдө фронттун сап башында турушат, бирок алар жогорку коркунуч учурунда коопсуз эмгек шарттары менен камсыздалган эмес.

Мындан тышкары, коргоо каражаттары үчүн Саламаттык сактоо министрлигине жетиштүү түрдө каражат бөлүнүп жатканына карабастан медперсоналга коргоонуу каражаттары бөлүнүп берилбей жатат. Коргонуу каражаттарынын жетишсиздиги Кыргызстанда 10-апрелге карата 39 медкызматкердин жаңы коронавирустук инфекциясын жуктуруп алуусуна алып келди.

«[...] Кошумча акча чогултуу үчүн атайын эсептер ачылган. Кечээ биринчи вице-премьер-министр К. Боронов коронавируска каршы күрөшүү үчүн эсепке 103 млн сом түшкөнүн билдирди. Мындан тышкары, ар кандай эл аралык уюмдар жана каржы институттары да бир далай колдоо көрсөтүп жатышат… Ушул жагдайлардын баары өкмөт менен жергиликтүү бийликтин каржы ресурстарын бөлүштүрүү тууралуу көп суроо жаратат», — деп айтылат катта.

Коронавирус жуктуруп алуу же инфекциядан улам медкызматрдин өлүмү үчүн төлөм жана акчалай коменсацияга байланыштуу «Адилет» укук коргоо уюму бул чечим өкмөттүк деңгээлде кабыл алынганын, мындай кепилдиктер тийиштүү мыйзамда каралган болушу керектигин билдирди.

«Саламаттык сактоо министрлиги жумуштан алуу коркутуулары менен медперсоналды өмүр жана ден соолукка кооптуу шарттарда иштөөгө аргасыз кылып, ал эми күч кызматкерлери аларды чындык үчүн куугунтуктап жатышат. Натыйжада врачтардын өздөрү бул инфекциянын курмандыгы болуп калып жатат, ал эле эмес мамлекет аларга тийиштүү төлөмдөр менен компенсацияларды бербей жатат», — деп билдирди уюм.

Өзгөчө абал тартиби белгисиз мөөнөткө узартылып кетүү мүмкүндүгүнө байланыштуу «Адилет» президентке медперсоналды, ошондой эле жалпысынан калкты коргоо үчүн бир катар чараларды сунуштады:

  • Бүткүл медперсоналды жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоо;
  • Медперсоналга мыйзам боюнча каралган бардык төлөмдөрдү төлөп берүү;
  • Медкызматкерлерди жана алардын туугандарын иштин реалдуу абалы жана жеке коргонуу каражаттарын берүү тууралуу суранычтары үчүн УКМК, ИИМ жана башка укук коргоо органдары тарабынан куугунтуктоону токтотуу;
  • Адам укуктарын жана эркиндигин, ошондой эле жеке менчик жана экономикалык ишмердикти жүргүзүү маселелерине тийиштүү болгон коменданттардын буйруктарынын толук тексттерин ЖМКларга жарыялануусун камсыздоо;
  • Адам укуктарынын бузулушун болтурбоо, ошондой эле коменданттардын буйруктарынын Конституцияга жана КРдин мыйзамдарына ылайык келишин текшерүү максатта укук коргоо органдардын аракеттеринин мыйзамдуулугун КРдин Башкы прокуратурасы тарабынан көзөмөлгө алынуусун күчөтүү;
  • Коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү үчүн бөлүнүп жана чогултулуп жаткан финансы каражаттарын бөлүштүрүү маселеси боюнча өкмөттүн жана башка мамлекеттик органдардын деталдуу жана ачык-айкын отчёттуулугун камсыздоо;
  • Коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү үчүн саламаттык сактоо системасынын уюмдарына бөлүнүп берилип жана чогултулуп жаткан материалдык каражаттардын пайдаланышына КРдин Эсеп палатасы тарабынан аудит жүргүзүү;
  • Медкызматкерлердин укуктук жана социалдык кепилдиктерин жогорулатууга багытталган мыйзамдарды тез арада кабыл алууга жана аларга өзгөртүүлөрдүн күчүнө киришине көмөк көрсөтүү.