Сүрөт: Айжамал Джаманкулова

Банк, анын ичинде дүкөн, дарыкана же врачка барып көрүнүү — бул бишкектиктер өзгөчө абал тартиби учурунда жашап атканда бара алыша турган жерлер.

Банкка бирден киргизип жатышат, калгандары кезекке тизилип, аралыкты кармоого аракет кылышууда. Кезек жайдан жылууда. Бардыгы беткапчан — эми беткаптын жоктугу үчүн көчөгө себепсиз чыккандагыдай эле айып салынат.

Так эле ушул эле схема боюнча да адамдарды дарыканаларга жана супермакеттерге киргизип жатышат — бир адам чыгат, бир адам кирет. Негизи, бул эреже сөзсүз сакталышы керек.

Ошондой эле буга чейин бийлик адамдардын чогулушун болтурбоо үчүн супермаркеттердин алдында санитардык көзөмөлдөр тураарын маалымдаган.