Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 298ге жетти

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 10-апрелде Кыргызстанда коронавирустун жаңы 18 учуру катталганын маалымдады — алардын бешөөсү медкызматкер.

«Бишкек шаарында алты, Чүй облусунда сегиз, Жалал-Абад облусунда үч жана Ысык-Көл облусунда бир учур катталды. Алардын жетөөсү аял, он бири эркек», — деди Каратаев.

Ошондой эле Каратаев Ноокат аймактык ооруканасында 87 жаштагы киши каза тапканын айтты.

Коронавирусту жуктуруп алган адамдар менен карым-катнашта болгондордун саны 6047и түздү — алардын 1058и ооруга чалдыккандардын үй-бүлө мүчөлөрү.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 298ге жетти. Алардын 154ү аял, 144ү эркек. Инфекциялык ооруну шарттаган илдеттен 5 киши каза таап, 39 киши айыкты. Ал эми ооруканаларда 254 адам жатат — алардын сегизи оор абалда.

Аймактар боюнча:

Жалал-Абад облусунда – 89
Ош облусунда – 98
Чүй облусунда – 15
Баткен облусунда – 4
Ош шаарында – 36
Бишкек шаарында – 42
Нарын облусунда – 10
Ысык-Көл облусунда – 4

Ошондой эле 5-февралдан 10-апрелге чейин жалпысынан 22 804 адамдан анализ алынган. Алардын 20 575инин жыйынтыгы чыккан.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.