12 медкызматкерде коронавирус аныкталды

Коронавируска чалдыккан медиктердин саны 51 адамга жетти. Акыркы бир сутка ичинде эле 12 медикте коронавирус аныкталды — алардын сегиз медкызматкери Бишкекте, үчөө Ошто жана бирөө Нарын облусунда катталды.

Бийлик инфекцияга чалдыккан медиктерге 200 миң сом компенсация төлөп бериши керек. Эгер вирус жуктуруп алган адис каза тапса, анын үй-бүлөсүнө миллион сом төлөнөт.

Бирок мамлекет медиктердин инфекция жуктуруп алган учурларынын себептерин текшергиси келет, мунун үстүндө атайын комиссия иш алып барат. Компенсация вирусту жумушта жугузуп алгандарга төлөнмөкчү.

Мурдараак, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Оштогу балдар стационарынын дарыгери коронавирусту конокко барып жугузуп, анан кесиптештерине жугузганын билдирген. Ал стационар дезинфекция иштери үчүн жабылган. Бороновдун билдирүүсү стационарда иштеген медиктерди нааразы кылган — алардын айтымында, кесиптеши коронавирусту жумуштан жуктуруп алган, анткени карантиндик аймакта умрадан келген дааватчылар менен байланышып турган. Оор абалда болуп жаткан медкызматкер да билдирүү жасап, коронавирусту жумушта жүрүп жуктурганын жана жетекчилигине ооруканага жатып, коронавируска текшерилиши керектиги тууралуу эскертип айтканын, бирок суранычын көз жаздымда калтырышканын айтып берген.

«Адилет» укуктук клиникасы да медиктерди коргоп чыккан. Укук коргоочу уюм медиктерге байланыштуу сунуштар менен президентке кайрылган. Ал эми депутат Дастан Бекешев бул маселени парламенттин отурумунда көтөрүүнү пландап жатат.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.