Дагы беш адам коронавирустан айыгып ооруканадан чыкты

11-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев акыркы бир сутка ичинде коронавирустан беш бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылганын кабарлады. Алардын үчөө Жалал-Абад шаарында, бирөө Ош облусунда жана дагы бирөө Бишкекте катталды.

Өлкө боюнча жалпысынан 44 адам коронавирустан айыгып, беш адам каза тапкан. Мындан тышкары, Пакистанда карантинге алынган бир кыргызстандык инфекциядан ажал тапкан — туугандарынын уруксаты менен анын сөөгү бөтөн өлкөдө жерге берилген.

Коронавирустан айыккан адамдар бул инфекцияга кайрадан чалдыгып калышы мүмкүн. Алар аталган ооруну кайра жуктуруп албаш үчүн же начар иммунитеттин айынан вирустун кайтып келишине жол бербеш үчүн обочодо калуу эрежелерин сактап, өзүнө кам көрүшү керек. Мурдараак Саламаттык сактоо министрлиги оорудан айыккандарга обочодо калууну үйдө улантыш керектигин эскертип жатышканын кабарлаган.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.