Ал министр кызматына дайындалганга чейин Жалал-Абад облусу боюнча координатор болгон. Кырдаалга жараша анын 14 күн карантинде болуу мүмкүнчүлүгү болгон жок, ошондуктан министр кызматына киришкен.


Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 12-апрелде жетекчиси Сабиржан Абдикаримов тууралуу ушундай оюн айтты. Анткен менен, Каратаевдин айтымында, Абдикаримов бары бир деле коронавируска тест тапшырган жана ал терс жыйынтык көрсөткөн.

«Министр (...) COVID-19 вирусуна 2 жолу анализ берди, натыйжасы — терс. (...) Жакында биз да анализ бердик, вируска карата терс натыйжа чыкты», — деди Каратаев.

Коронавирус жуктуруу учурлары жогору болуп аткан аймактардан кайтып келгенден кийин аткаминерлер карантинге жатуусу керек — мисалы, премьер-министр жана анын командасы өлкөнүн түштүгүнө санитардык постторду текшерип, медиктерге гумжардам жеткирип баргандан кийин коронавируска тест тапшырып, бир нече күн карантинде болушкан. Ошол эле маалда бул делегациянын тест жыйынтыктары терс экени белгилүү болгон.

Өзгөчө кырдаал (ӨК) жана өзгөчө абал (ӨА) тартиптери учурунда күчөтүлгөн жаңы өзгөртүүлөр боюнча карантинди бузуу үчүн жазага тарта алышат жана жазага тартуулары керек.

Мисалы, Жазык кодексинин 280-беренесиндеги «Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу» туюндурмасы өзгөргөн. Бул беренеге ӨК жана ӨАнын талаптарын бузуу тууралуу бөлүм кошулган. Эгер мурда зыян келтирүү үчүн соттошкон болсо, азыр болсо зыян келтирүү менен коштолгон бузуулар үчүн жазага тарткылары келет — мисалы, бул берене карантинди бузгандар үчүн колдоно алышат, атүгүл алардын аракеттеринен эч ким жабыр тарткан эмес болсо да. Түп нуска берене боюнча айып пулга жыгып же атүгүл эркиндиктен да ажыратып коё алышат. Жоруктар жөнүндө кодекске да өзгөртүүлөр кирди — алар боюнча карантинди бузуу үчүн 30 000 сомдон 60 000 сомго чейин айып сала алышат.

Абдикаримов 1-апрелде министрликке дайындалган — бул убакта Жалал-Абад, Ош жана Бишкекте ӨА тартиби иштеп жаткан. Азырынча анын аракеттерин ӨАнын талаптарын бузуу катары бааласа болоор-болбосу түшүнүксүз — мындай бузуу үчүн 30 000 сомдон 60 000 сомго чейин айып, 40 сааттан 60 саатка чейин коомдук жумуштарга же жарым жылдан бир жылга чейин камакка алуу мүмкүн.

Абдикаримов Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы башчысы Космосбек Чолпонбаев бошотулган күнү дароо эле министрлик ызматка дайындалгандыктан улам обочого кетпей калган. Абдикаримов ошол күнү дароо кызматка киришиши керек болгон.

Чолпонбаев Коопсуздук кеңештин сунуштамасы боюнча кызматынан бошотулуп, буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Ал Саламаттык сактоо министрлигинин лабораториялардын техникалык абалынын даярдыгына, андан сырткары, ведомствонун врачтарды коргоо каражаттары менен жетиштүү түрдө камсыздайбай койгонуна наараза болгон.