Иллюстрация: Kloop.kg үчүн тарткан Дарья Удалова

Жакында миңдеген абитуриенттер ЖРТнын сертификаттарын көтөрүп алып университет кыдырып, келечегин тандашат. Кээ бири өспүрүм чагында эле ким болгусу келээрин билсе, айрымдары бул кадамдан эми гана басып өткөнү турат.

*Коронавирустун пандемиясынан улам ЖРТ белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Бирок биз абитуриенттер кандай гана болбосун универститетке тапшыра алышат деп үмүттөнөбүз.

Каарманыбыздын аты — Элвира Калмурзаева. Ал журналист болууну эңсеп, тийиштиүү факультетке документтерин тапшырган. Элвирадай болгондор жетишээрлик көп. Ар бир бешинчи студент гуманитардык илимдерди тандайт, алардын ичинде журналистика, лингвистика жана психология бар.

Бирок гуманитардык илимдерди окуп бүтүрүп чыккан студенттерге талап барбы? Кыргызстанда эмгек рыногу аларга канчалык көп жумуш ордуларын сунуштоого даяр? Ал эми башка адистиктер боюнчачы?

Бул суроолорго жооп алыш үчүн биз Кыргызстандын эмгек рыногундагы вакансияларга талдоо жүргүздүк.

Ал үчүн биз Кыргызстанда жумуш издөө боюнча эң белгилүү сайттардан (job.kg, employment.kg жана headhunter.kg) жана «Империя кадров» агенттигинен маалыматтарын сурап алдык. Алардын ичинен бизге Headhunter гана беш жылга карата толук маалымат бере алды.

Андан кийин биз аталган төрт сайттан жана Мамкадр кызматынын сайтынан актуалдуу маалыматтарды жүктөп алып, аларды талдап көрдүк. Ар бир сайттагы вакансиядарды ЖОЖдун студенттери билим алган ошол эле 10 категорияга бөлдүк. Сайттардын маалыматтарын салыштырып көрүп, Headhunter.kg орто эсеп менен вакансияларды башка сайттар сыяктуу эле окшош бөлүштүрөөрүн түшүнүп, анын акыркы беш жылдагы маалыматын колдондук. Биздин талдоодо сайттардын гана маалыматтары эске алынды, «тааныштар» аркылуу же кызматкер издөөчүнүн түз чакыруусу эске алынган жок. Мисалы, бул айыл чарба секторуна тийиштүү — мындай вакансиялар жумуш издөө сайттарында жарыяланбайт.

Көрсө, гуманитарийлер үчүн жумуш өтө аз экен — жогорку билим керектелген бардык вакансиялардан үчкө чукул пайыз. Жалпысынан, бул сайттага эң эле талап кылынбаган тармактардын бири, ага карата талап, тилекке каршы, беш жыл ичинде өскөн эмес.

Анда Кыргызстанга көбүнесе кайсыл адистер керек?

Биздин талдоо вакансиялардын үлүшү студенттердин үлүшүнө караганда көбүрөөк болгон төрт «перспективдүү» тармакты аныктады: менеджмент, экономика, сервис жана табият таануу адистиктери (геологдор, химиктер, биотехнологдор ж.б.).

Акыркы беш жыл ичиндеги бардык вакансиялардын жарымы — экономика жана менеджмент тармагы. 31% болочоктогу маркетологдор, эйчар адистер, координатор жана координаторлор эмгектенген менеджмент тармагына туура келет. Ошол эле учурда студенттерге бул тармак анчейин кызыктуу эмес: бардык окуучулардын ичинен болгону 4% гана менеджер болгулары келет. Экономисттердин рыногунда ажырым мынчалык чоң эмес: вакансиялардын бардыгынын 20% студенттердин 17% туура келет.

Көрүнүп тургандай, тармактардын көбүндө «студенттердин пайызы» «вакансиялардын пайызына» караганда басымдуулук кылат. Эмне үчүн мындай болууда?

Илгиз Эдил уулу

«WIND» рекрутинг компаниясынын директору Илгиз Эдил уулу мектепти бүткөндөн кийин абитуриенттердин көпчүлүгү «эмне иш кылгылары келгенин аягына чейин түшүнбөй калып жатышканын» айтат.

«Көбүнесе абитуриенттер туура эмес тандоо кылып, ата-энелери алардын келечегине жакшы эмес таасир этип жатышат. Азыр дүйнө тез өзгөрүп жаткандыктан бир муун келечекте кийинки муун үчүн эмне жаңы нерсе болоорун алдын ала айта албайт. Көпчүлүк учурда ата-эенелер өз жашоо тажрыйбаларын бергилери же болбосо балдарынын өз иштерин улантуусун каалашат», — дейт ал.

Анын айтымында, кыргыз үй-бүлөлөрүндө балдарды көбүнчө «ролдор боюнча бөлүштүрүп коюшат»: бирөөсүн органда, экинчисин дарыгерликке, үчүнчүсүн банкирликке. Ушундан улам студенттер эмгек рыногунда суроо-талап аз болгон адистиктерге окууга барып калышат.

«Make Nova» рекрутинг фирмасын жетектеген Алина Макенова компаниясы иштей баштаган эки жылдан ашык убакыттан бери жумуш берүүчүлөр юрист жана бухгалтер издеп бирден жолу гана кайрылышканын айтат. Компаниялар көбүнесе маркетологдорду, сатуу бөлүмүнө кызматкерлерди жана программчыларды издешет — бул анын компаниясындагы жүздөн ашык вакансия.

Бирок юридикалык факультеттер мурдагыдай эле популярдуу бойдон кала берүүдө. Кыргызстандагы ар бир онунчу студент — болочоктогу юрист. Тилекке каршы, алар үчүн жаңылыбыз көңүл жылытпайт:

  • Юристтер үчүн факансиялар абдан аз — мисалы, 2019-жылы алар болгону 1% болгон, ал эми калгандары кайда орношоору түшүнүксүз;
  • Ошол эле учурда юристтерге болгон суроо-талап башка тармактарга караганда катуу азайып жатат.
  • Мындан болгону беш жыл мурда ар бир онунчу вакансия юристтер үчүн ачылган болсо, азыр анын ар 100ү гана юристтерге ачык.

Ал эми менеджмент тармагында бардыгы тескерисинче: беш жыл мурда ар бир төртүнчү вакансия бул тармак үчүн болсо, азыр ар бир үчүнчүсү болуп калды жана бул эмгек рыногундагы эң популярдуу тармак.

Ал эми экономисттер боюнча окуя бир аз башкача — банк адистери, бухгалтерлер жана камсыздоо агенттерине талап азая баштаган — аларга карата суроо-талап эки эседен ашуун азайып кеткен. Анткен менен алар үчүн вакансиялардын үлүшү мурдагыдай эле жогору — базардын бардыгынан 15%.

Бирок буга карабастан, кыязы, студенттерди бул эки тармак анчейин кызыктырбайт окшойт. Мисалы, болочоктогу экономисттердин саны беш жылда үчтөн бирге азайган: билим алгандардын үлүшү 21 пайыздан 14 пайызга чейин түшүп кеткен. Ал эми менеджментке болсо окугандардын болгону 4% чукулу гана туура келет.

Жумуш берүүчү менен студенттердин каалоолору кандайча өзгөргөн?

2015-2019-жж. карата вакансиялар менен студенттердин пайыздык үлүшү

«вакансиялардын пайызы»

«студенттердин пайызы»

Студенттердин арасында кызыгуу туруктуу артып жаткан тармак — бул саламатык сактоо тармагы. Дал ушул жерде окугандардын үлүшү беш жылда дээрлик эки эсе өскөн. Тагыраагы, жакынкы келечекте бизде диплом алган жаш врачтар аз болбойт. Бирок, биздин маалымат боюнча, врачтарга карата суроо-талап жетишээрлик туруктуу эмес: орточо беш жылда врачтарга вакансиялардын болгону 7% гана туура келип жатат.

Башка тармактар

«вакансиялардын пайызы»

«студенттердин пайызы»

«Туура эмес» окууга тапшырып алсаңыз эмне кылыш керек?

Алина Макенованын айтымында, эгер адамга адистиги жакпаса же ага талап жок болсо — дайыма жаңысына үйрөнүп алса болот.

«Ар башка жумуштан уялбаш керек — официанттан баштап сатуу бөлүмүнүн кызматкерине чейин өзүңдү сынасаң болот. Өз-өзүңдү окутсаң болот. Эгер англис тилиң жок болсо, аны жок эле дегенде башталгыч деңгээлде болгудай кылып окуп үйрөнсө болот. Англис тилди талап кылган эл аралык компаниялар көп», — дейт ал.

Алина Макенова

Биздин Элвираны унутуп калган жоксузбу? Ал бир жыл окугандан кийин журналист үчүн бакалавр даражасы таптакыр милдеттүү деле эместигин түшүнгөн. Андан соң башка гуманитардык адистикке документ тапшырат — англис тили.

Бул адистик боюнча бир жыл окуп, дебатка кызып кетет. Ал башка катышуучулар менен кошо глобалдуу маселелерге, экономика жана социалдык темаларга байланыштуу дебаттарга чыгып баштайт.

Ишенбейсиңер, бирок Элвира документтерин алып кетип, үчүнчү жолу тапшырат, бул ирет эл аралык мамилелер факультетине.

«Ал кезде адистикти алмаштыруу үчүн кайрадан биринчи курска отуруп сынак тапшыруу керек болчу. Мен төрт жылдын ордуна алты жыл окудум», — дейт Элвира.

Учурда Элвира Калмурзаева — үч жылдан ашуун башкарып келе жаткан IDEA уюмунун аткаруучу директору болуп эмгектенет.

«Ушунча жолу [факультет] алмаштырып, бул туура же туура эмес тандоо болуп калабы деп коркуп жүрдүм. Үчүнчү жолу алмаштырса да жакпай калып, жөн эле убакыт коротконмунбу деп ойлоп жүрдүм. Бирок азыр өкүнбөйм. Мен муну өз башыман өткөргөн уникалдуу тажрыйба деп эсептейм», — дейт Элвира.

Келечектин кесибин кантип тандоо керектиги тууралуу эксперттердин кеңеши:

— Вакансия тандоодо «кеңири караш» керек: каржычы эмес, берилиштердин-талдоочусу

— 5 же 10 жылда кайсыл адистиктерге талап күч болуп, кайсылары жоголоорун текшергиле

— Эмгек базарында аман калуу үчүн адистиктин жетишээрлик ийкемдүү болушун карагыла

— Көптөгөн адистиктер оффлайнга өтүп жатат, андыктан, кесип тандап жатканда муну эстен чыгарбаңыз

— Адистигиңизге эгер «бир аз IT» тармагын кошсо эмне болоорун ойлонуп көрүңүз

P.S. Берилиштерди талдап чыккандан кийин биз бир нече кызыктуу жагдайларды таптык:

  • Эгер сиз юрист болсоңуз жана жумуш таппай жүрсөңүз, анда мамкызматка көз чаптырып көрүңүз. Ал жакта анчейин көп төлөбөгөнү менен юристтер үчүн вакансиялардын эң көп үлүшү тек гана мамкадр кызматынын сайтында болгон. Ошондой эле юристтер үчүн вакансиялардын көбү job.kg сайтында болуп чыкты.
  • Эгер сиз техникалык багыттагы адис болсоңуз, анда сиз үчүн вакансиялардын көбү Headhunter.kg жана Job.kg сайттарында.
  • Кызмат көрсөтүү (сервис) тармагынын адистерине жумушту Job.kgден издеген оң.
  • Гуманитарийлер үчүн employment.kg менен мамкадр кызматы башкаларга караганда көп кызмат сунуштайт.

Авторлору: Азиза Раимбердиева жана Айзирек Иманалиева

Маалыматтардин скрейпинги: Анна Бойко

Графика жана верстка: Азиза Раимбердиева

Дата-редакторлор: Анастасия Валеева, Айзада Тома

Которгондор: Алмир Алмамбетов жана Кайрат Замирбеков

Бул материал КРдеги USAIDдин колдоосу жана Дүйнөлүк банк, DFID жана IDEM менен өнөктөштүктө ишке ашкан «Кыргызстандагы Интерньюстун» «Медиа-К» долбоорунун дата-журналистика боюнча программанын стипендианттары тарабынан даярдалды. Программанын ментору Анастасия Валеева. Материалдагы пикирлер жана тыянактар «Интерньюстун» жана анын өнөктөштөрүнүн пикирин билдирбейт жана алардын позициясына дал келбеши мүмкүн.